Айыпталуучунун сот отурумуна келбегине байланыштуу ишти кароо кийинкиге калтырылды

добавлен 11 октября 2021 14:30
просмотров 497

 

 

2021-жылдын 4- октябрь күнү Ош облусунун Кара-Суу райондук сотунда саат 14:00до, төрагалык кылуучу судья Туманова В. С. КР ЖКнын 204-бер. 3-б. менен айыпталган М. Ш.нын  жазык ишин карады.  

Судья Туманова В. С. сот отурумун процессуалдык нормаларды сактоо менен баштады.

Катчы сот отурумуна келгендер жөнүндө маалымат берди. Сот отурумуна жабырлануучу, анын адвокаты, прокурор келишкен, айыпталуучу жана анын адвокаты келген жок. Прокурор айыпталуучуну 10 минут күтүп турууну суранды. Судья макул болуп 10 минуттук тыныгуу жарыялады,   тыныгуунун ичинде айыпталуучу келген жок. Бирок сот отуруму кайрадан улантылып, прокурор айыпталуучу М. Ш.ны кийинки сот отурумуна мажбурлоо иретинде алып келүүнү өтүндү. Жабырлануучу тарап каршы болгон жок. Төрагалык кылуучу судья айыпталуучуну үй камак шартын одоно бузганын белгилеп, баш коргоо чарасын узартууда  аны  эске алаарын айтты.

Сот отуруму башка күнгө жылдырылды.