Кара-Суу райондук сотунда мониторинг

добавлен 08 октября 2021 11:11
просмотров 694

 

 

2021-жылдын 4-октябрь күнү Ош облусуна караштуу Кара-Суу райондук сотунда мониторинг жүргүзүлдү. Мурунку 19-май күнү жүргүзүлгөн мониторингтен бери бир топ өзгөрүүлөр болуптур.

Биринчиси -  Кара-Суу райондук сотунун төрагасы алмашып азыркы учурда судья Туманова В. С.  төрага.

Экинчиси - сот имаратынын кире беришине темир эшик орнотуп, жарандарды каттоо менен киргизип калышкан.

Үчүнчүсү - сот имаратынын астындагы темир конструкциядан жасалган  курулуш аяктап ишке кирген.

Төртүнчүсү - сот залында бүт техникалар орнотулуп, онлайн жана жөнөкөй сот отурумдары өтүп баштаганы.

Соттук кароого коюлган иш тизмелерге да  байкоо жүргүздүк.

 Иш тизмеси жок же мөөнөтү жаңыланбаган судьялардын аты-жөнү:

  1. Судья Баймуратов Н. Р.  иш тизмеси жок;
  2. Судья Арзиев М. М. иш тизмеси жок;
  3. Судья Кенжебаев Н. Т.  иш тизмеси 1-октябрга чейин илинген.

Соттук кароого коюлган иш тизмелери бар судьялардын аты-жөнү:

  1. Судья Маматов К. И. – эмгек эргүүдө.
  2. Судья Маматов К. И. тергөө судьясы,  бирок жарандык иштерди да карайт;
  3. Судья Гуламидин у. Э. – эмгек эргүүдө, бирок иш тизмеси 20-октябрга чейин койулган;
  4. Судья Анарботоева Б. Р. - иш тизмеси 14-октябрга чейин;
  5. Судья Токтомаматов К. Ж. - иш тизмеси 18-октябрга чейин коюлган;
  6. Судья Туманова В. С. - иш тизмеси 12-октябрга чейин  коюлган;
  7. Сооронбаев Н. К. - иш тизмеси 10-ноябрга чейин коюлган;
  8. Судья Сарыбаев Б. А. -  тергөө судьясы.

Төрага Туманова В. С.тан сотко келген адамдарды каттап киргизилип калганы жөнүндө сурадык. Төрага Туманова В. С.тин айтышы боюнча буга чейин жарандар соттордун кабинетине түз эле кирип барган учурлар болгон,  ал эми мындай тартип соттор менен жарандарды байланыштырбай, коррупцияга жол бербөө максатында жасалганын айтты.