Сот отурумуна кызыктар тараптар келген жок

добавлен 21 сентября 2021 13:52
просмотров 528

 

 

2021-жылдын 13-сентябрь күнү Кадамжай райондук сотунда судья Тажибаев Илязбек Курванбекович тарабынан “Туугандыгы жөнүндө мамилени аныктоо” боюнча иш каралды. Ишти кароо саат 14:00гө белгиленип бирок тараптардын кечигип келгенине себептүү 14:40 башталды. Отурумга кызыктар тараптар келбегени отурумдун жүрүшүндө маалым болду. Судья алдын ала сот отуруму баштала электигин айтып иш боюнча суроолорду берди жана тапшырылган документтер менен таанышты. Кызыктар тараптар жок болгондуктан судья соттук териштирүүгө өтүүсүн маалымдады. “Каршылыктар барбы, жокпу?”,-деп сурады. Кезек күбөлөргө берилип алар иш боюнча суралышты. Күбөлөргө сот тарабынан укук жана милдеттери түшүндүрүлүп жалган көрсөтмө берген учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында көрсөтүлгөн тийишитүү тартиптеги жоопкерчиликке тартылышы эскертилди. Жактоочу күбөгө ишке байланыштуу суроо берди. Сот тараптардын пикирин угуп бүгүнкү отурумда кызыктар тараптар болбогондуктан кийинки сот отуруму алардын катышуусу менен өтүшүн билдирди. Кийинки сот отуруму 2021-жылдын 22-сентябрь күнү саат 14:00гө калтырылды.