Жарандардын отурумга оз убагында келбестиги судьялардын башка сааттарга белгиленген отурумдарына да оз таасирин тийгизуудо

добавлен 20 сентября 2021 11:19
просмотров 617

 

 

   2021-жылдын 13-сентябрь күнү Кадамжай райондук сотунда Тажибаев Илязбек Курванбекович судялыгында Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 240-беренеси 1-бөлүгү менен сот отуруму болуп өттү.

   Судья отурумду ачык деп жарыялап, катчы келгендер боюнча маалымат берди. Ишти кароо саат 11:00 гө белгиленип бирок тараптар өздөрү кечигип келгени себептүү саат 11:53 тө башталды. Судья айыпталуучунуну сурак кылып андан “Күнөөңүздү толук мойнуңузга аласызбы?”,- деп сурады. Айыпталуучу: “Ооба”,- деп жооп берди. Андан кийин: “Тараптарга кошумча суроолор барбы?”,- деп судья сурады. Прокурор тарабынан айыпталуучуга суроо берилди. Айыпталуучу Ж.М.Т. ага коюлган айыптоолорду толук моюнга алуусун билдирди. Судья иш материалдары менен танышууга өтүп, аны келгендерге угузду.       Торагалык кылуучу: “Иш материалдары боюнча тараптарда кошумча суроо жана толуктоолор жокпу?”,- деп сурады. Жарыш сөзгө өтөөрдө прокурор судьядан түшкү убакыт болуп калгандыктан жарыш сөздү тыныгуудан кийин улантууну өтүндү. Өтүнүч кабыл алынып түшкү тыныгуу жарыяланды. Тыныгуудан кийин ишти кароо улантылып иш боюнча айыпталуучунун жактоочусу түшүндүрмө берди жана сотко өтүнүчүн билдирди. Судья тараптарды угуп акыркы сөздү угузууну 2021-жыл 14-сентябрь саат 14:00гө деп белгиледи.

   Иш боюнча тараптардын кечигиши тууралуу Тажибаев Илязбек Курванбекович  байкоочуга маалымдоосуна ылайык “Бул өтө жаман көрүнүш, жарандардын кечигиши процессти гана артка тартпастан судьянын башка саатка белгиленген отурумдарына да өз таасирин өткөзөт. Жарандарга кечикпө жана отурумга өз убагында келүү зарылдыгы ар бир отурумда айтылат. Аларга катчы тарабынан сотко чейин тийиштүү каттар жөнөтүлөт жана отурумдан бир күн мурда да чалып эскертүү берилет”-дейт судья Тажибаев И. К. Бул боюнча жарандардан суралганда алар жол алыс болгондуктан кечигип калууларын жүйө келтиришкен.