Баткен облустук сотунда кезектеги мониторинг жургузулду

добавлен 13 сентября 2021 13:03
просмотров 561

 

 

Баткен облустук сотунда кезектеги сот отурум өтүп соттук коллегиянын курамында: төрагалык кылуучу Кожобекова Гулмира, cудьялар:  Абылакимов. А.А., Адамбаев З.М. болду. Сот отуруму ачык  деп жарыяланып, катчы келгендер жонундо маалымдады. Процесс саат 11:30 га дайындалып өз убагында башталган. Иштин мазмуну: күбөлүктү жараксыз деп табуу жөнүндө.Андан кийин доогердин өкүлүнө сөз берилип жоопкер  тарап келбегендиктен ишти кароону башка күнгө жылдырууга суранды. Доогердин өкүлү каршылык билдирип алыстан келгенин айтты. Сот отуруму тараптар толук болбогондуктан аны кайрадан кароону 2021-жыл 11-октябрь саат 14:30 га калтырды.