Мамлекеттик кызматкер пара алып жаткан жерден кармалган

добавлен 27 августа 2021 12:24
просмотров 693

 

 

         2021-жылдын 18-август күнү Кадамжай райондук сотунда судья И.К.Тажибаев тарабынан КР КЖКнын 238-беренеси 2-бөлүгү менен “пара алуу жана пара талап кылуу” боюнча кезектеги сот отуруму болуп өттү. Отурум саат 11:30га белгиленип өз убагында башталган. Маалымат үчүн аталган кылмыш иши буга чейин төрт жолу калтырылган. Соттук териштирүүлөр буга чейин болуп өткөн. Судья отурумду ачык деп жарыялады жана катчы келгендер менен таныштырды. Ошол учурда мамлекеттик айыптоочу тараптар толук болбогондуктан судьядан тыныгуу берүүнү суранды. Өтүнүч канаатандырылып тараптар толук келгенге чейин тынгуу берилди.

Маалымат үчүн буга чейин А.Ж.И. аттуу жарандан М.С.К аттуу жаран ишти бүтүрүп берүү үчун андан акча талап кылган. А.Ж.И аттуу жаран макул болгон жана ошол учурда Финансы полициясына кайрылган. ФИНПОЛ тарабынан атайын талап кылынган акчалар даярдалып А.Ж.И.ге берилген. Ошентип А.Ж.И. талап кылынган акчаны алып М.С.К.нын иш жайына келип акчаны берген учурда колго алынган. Тийиштүү тартипте текшерүү жүргөн учурда атайын даярдалган акчалар табылган.

Тараптар толук келгенден кийин ишти кароо улантылып, ишке байланыштуу күбөлөр сурак кылынды. Бул иш боюнча айыпталуучу М.С.К. да өз пикирин билдирип, эч кандай пара албагандыгын айтты. Судья тараптардын жана келтирилген документтерди карап чыгып ишти кайрадан кароону 2021-жылдын 24-августу саат 15:00гө калтырды.