Онбогон карыз

добавлен 27 августа 2021 11:59
просмотров 591

 

 

2021-жылдын 12-август күнү Ош облустук сотунда жарандык иштер боюнча соттук коллегиясы  Мадмарованын торагалыгында Э. А. жаран Д. С.нын арызынын негизинде соттун 2019-жылдын 26-ноябрындагы чечимин аткаруунун ыкмасын жана тартибин өзгөртүү жөнүндөгү ишти кароону улантты.

            Сот отуруму өз убагынан 30 мүнөткө кеч башталды. Төрагалык кылуучу судья сот отурумун ачык деп жарыялап, соттук коллегиянын курамы өзгөргөнүн белгилеп кетти. Судья Кыдырбаев Ж. С. ордуна судья Масабирова Т. Ж. соттук коллегияга кошулганын айтып, тараптардан каршы эместигин сурады.

            Жаран Д. С. соттук курамга судья Масабирова Т.Ж. кошулганына каршы болуп ага да ишенбөөчүлүк көрсөттү. Соттук коллегия кеңешип бул өтүнүчүн кароосуз калтырды.

            Откон сот отурумунда судья эки тарапты карыздын 3/1 бөлүгүн төлөнгөнү боюнча эки тарап келишишин айткан. Бирок эки тарап тең өз ара келишкен эмес. Карыздар төлөнгөн жөнүндө квитанцияларды көрсөткөн эмес, сот аткаруучуга да жолуккан эмес. Сот отурумуна эки тарап тең даяр эмес келгени белгилүү болду.

Соттук коллегия кийинки сот отурумуна сот аткаруучуну камсыз кылууну белгилеп сот отурумун башка күнгө жылдырды.