Коп адамдарга кордук корсоткон аял

добавлен 19 августа 2021 18:40
просмотров 659

 

 

2021-жылдын 13-августунда Ош шаардык сотунда төрагалык кылуучу судья Маматалиев Т. А. КР ЖКнын 204-бер. 3-б. менен айыпталган Э. М.дин жазык ишин саат 10:00гө кароого койгон.

Сот отуруму өз убагында башталды. Судья Маматалиев Т. А. сот отурумун ачык деп,  кайсы иш каралып жатканын айтты. Катчы сот отурумуна келгендер жөнүндө маалымдады. Сот отурумуна жабырлануучу, прокурор, айыпталуучу жана анын адвокаты келишти. Андан сырткары Э. М.ден жапа чеккен адамдар да көрүүчү катары келишкен. Судья Маматалиев Т. А. айыпталуучу Э. М.дин  өздүгүн тактап бүтүп «Айыптоо актысын алдыңызбы?»,- деп сурады. Ал «Жок»- деп жооп берди. Прокурор айыптоо актысы берилгенин белгилеп айыпталуучу Э. М.дин кол коюп бергенин көрсөттү. Айыпталуучу Э. М. «Тергөөчү сотко өткөрбөй бүтүрүп берем дегенинен кол койдум. Сотко качан өткөнүн дагы билбедим»,- деп жооп берди. Айыптоо актысын албагандыгын дагын бир ирет белгилеп кетти. Судья Маматалиев Т. А. прокурорго айыптоо актысын тапшырганы убакыт берди жана сот отурумун 25-августка жылдырды.

P.S. Айыпталуучу Э. М. жашы өткөн чал-кемпирдин жерин, үйүн тартып алып азыркы учурда Ош облустук сотунда турак- жайдан чыгаруу боюнча соттук иши каралып жатат. Биз бул жөнүндө жазганбыз.