Араван райондук сотунда каралып жаткан иш

добавлен 03 августа 2021 11:00
просмотров 658

 

 

2021-жылдын 27-июль күнү Араван райондук сотунда төрагалык кылуучу судья Колопов Э. С. КРнын ЖКнын 267-бер. 2-б., 2-пункту менен айыпталган А. Ш.нын соттук иши саат 14.00гө дайындалган. Сот отуруму төрага Колопов. Э. С.нын өз бөлмөсүндө өттү. Судья кайсы иш каралып жатканын айтып катчыга сөз берди. Катчы келгендер жөнүндө баяндады. Сот отурумуна айыпталуучудан башка баары келишти. Конвойлор бош эместигинен айыпталуучу сот отурумуна алынып келинбеген белгилеп кетишти. Ошол себептен сот отуруму 4-августка жылдырылды.

Судья бөгөт коюу чарасынын мөөнөтү 1-августта келээрин белгилеп тараптардан оюн сурады. Мамлекеттик айыптоочу айыпталуучуну камакта калуусун 2 айлык мөөнөткө узартууну суранды. Ал эми айыпталуучунун адвокаты ЖПКга таянып бөгөт коюу чарасы тергөөгө тоскоол болбосо бөгөт коюу чарасын узартуунун кажети жоктугун жана  кепилдик берерин айты.

Судья Колопов Э. С. бөгөт коюу чарасын мамлекеттик айыптоочунун сунушун канааттандырып 1айга узартуу токтомун чыгарды.

P. S. Бул иш резонанс жаратып жатат. Бул иште суроо жараткан жагдайлар көп болгон.  Бул иш КЖБРге (ЕРПП) катталбай, тергөө учурунда андан башка УПКнын нормалары бузулганы боюнча да маалыматтар бар. Бул иш боюнча кызыккан көз карандысыз журналисттер жана байкоочулар да кызыгып калышты. Ар бир сот отурумдарына көз салып иштин өнүгүүсүн карап турабыз.