Баткен облустук сотуна элдер эмнеге нааразы болушууда?

добавлен 30 июля 2021 12:13
просмотров 719

 

 

2021-жылдын 19-июль күнү Баткен облустук сотунун, судьяларынын соттук кароого коюлган иштерине байкоо жүргүзүлдү. Биздин Баткен облусундагы байкоочубуз бул тизмедеги иштердин канчалык денгээлде өз убагында, адилеттүү аягына чыгып жаткандыгы тууралуу билүү максатында сотко келген жарандардан интервью алган. Аты -жөнү өзгөртүлгөн Алия атту айым мындай деп айтат: “Сотко каттай берип, канча бут кийимим жыртылды билбеймин. Эми иш бүтөт бүгүн уулум эркиндикке чыгат деп келсем, белгисиз себептерден улам калтырылып, иш создуктурулуп жатат. Же ачык айтышпайт ал келбеди бул келбеди деп эле канча айдан бери жүрөм ушул жерде. Мен соттордун адилеттигин талап кылат элем.”

 Ушундай эле сотко нааразычылык менен дагы бир, аты-жөнү өзгөртүлгөн Кылым атту жаран кайрылган. Анын айтымында: “Мен сотторго өтө нааразымын, шаардык сотко бардым, райондукка келдим, облустукка келдим биринин чечимин бири колдоп эле улам бир тараптуу карап, чечип беришпей жатат. Сотко келип чарчадым адилеттүүлүк жок. Кимге арманынды айтарынды билбейсин. Сиздерге айтып жатканыбыздын себеби ушул, судьялардын жасаганы жогоруга жетсе адилеттүүлүк орнойбу деген үмүтүбүз бар.

Жогоруда айтылгандарды тактоо максатында, биз катчыларга да кайрылганбыз. Алардын айтымында: "Иш процесстери көп учурда жарандар өздөрү кечигеп, же болбосо тараптар  келбей калган учурларда, алар толук болсо жактоочуу келбей калганына байланыштуу, ишти кароо башка күнгө жылдырылат" - деп билдиришти.

Байкоочубуз ушул күнү  Баткен облустук соттунда, КР КЖКнин 43-беренеси боюнча козголгон жазык ишке катышты. Соттук коллегиянын курамы: Алимкулов Н, Пазылов М, Туленбаев А. болгон.  Төрагалык  кылуучу сот отурумун ачык деп жарыялагандан кийин, катчы келгендер тууралуу маалымат берди. Судья иштин мазмуну менен таныштырып, прокурордон ишти кийинкиге калтырууну сурады,себеби отурумга айыпталуучу жана анын жактоочусу да келген эмес. Прокурор каршылык жок деп билдирди. Ишти кайрадан кароону 2021-жылдын 27-июль саат 14:00го  калтырды.