Чуулуу олум. Адвокат больницада.

добавлен 27 июля 2021 17:35
просмотров 721

 

 

2021-жылдын 16-июль күнү Ош шаардык сотунда төрагалык кылуучу судья Туманбаев У. Б. КРнын КЖКнин 320-бер. 3-б., 143-бер. 2-б., 135-бер. 2-б. менен айыпталган милициянын ыкчам кызматкерлери А. С., Э. У., С. Д.,  А. Ш., О. А. жана Ш. С.тын жазык ишин кароону улантты. Сот отуруму саат 15:00го коюлган. Биз бул иш жонундо жазганбыз.

СИЗОдон айыпталуучуларды саат 15:00го алып келгендиктен сот отуруму өз убактысында башталды.

Судья Туманбаев У. Б. сот залына кирип айыпталуучулардын адвокаты ооруп калганын айтты. Ооруган диагнозу жана кайсыл клиникага жатканы жөнүндө билдирди. Адвокат аныктамасын судьянын жардамчысына таштап кеткенин да айтты. Ошондой эле адвокат 10 күн убакытка даарыланганы жатканын белгилеп, судья Туманбаев У. Б. айыпталуучулардын оюн сурады. Алар күтүп турарын айтышты. Сот отуруму 27-июль саат 14:00го жылдырылды.