Судья Матисаков К. Н. жардамчысы жана катчысы юридикалык билими бар мыйзамды билген кызматкерлерби же бул судьянын буйругубу?

добавлен 23 июня 2021 18:10
просмотров 878

 

 

2021-жылдын 22-июнунда Ош шаардык сотунда төрагалык кылуучу сот Матисаков К. Н. доогер Х. А.нын арызынын негизинде М. Ж.нын жер тилкесинин күбөлүгүн жараксыз деп таануу боюнча сот ишин карады. Бул сот отуруму белгиленген убактысынан 1 саатка кеч башталды. Байкоочунун сот отурумуна катышуусуна төрага Матисаков К. Н.дин  катчысы жана жардамчысы тарабынан бир нече тоскоолдуктар болду. Сот отуруму башталарынын астында судья Матисаков К. Н. сот отурумунун катышуучуларына телефондорун сыртка калтырып кирүүсүн айтты.

Сот отурумуна доогер Х. А., экинчи тарап М. Ж., КАДАСТРдын өкүлү жана Ош шаарынын мэриясынын өкүлү катышты. Төрага Матисаков К. Н. мэриянын өкүлү жана КАДАСТРдын өкүлүнүн ишеним каттарын карап текшерип чыкты.

Төрагалык кылуучу судья Матисаков К. Н. аталган ишти азыркы учурда 153- берене жана 154-беренеге ылайык ишти соттук териштирүүгөө даярдоо жана алдын ала сот жыйналышы экендигин белгилеп кетти.

Доогердин айтымында жаран М. Ж. эки чоң жолду бириктирген узуну 25 м., туурасы 3 м. болгон өтмө муниципалдык жер тилкесин мыйзамдаштырып, аталган жер тилкесине жер күбөлүгүн жасатып алгандыгын айтты. 2009-жылы ал жерди бузуп, өтмө ачылсын деген соттун токтому бардыгын белгиледи.

Төрагалык кылуучу судья Матисаков К. Н доогер Х. А.нын кандай укуктары бузулгандыгын сурады. Доогер Х. А.нын жер тилкеси жаран М. Ж.нын жер тилкеси менен чектеш экендигин айтты жана жеринин бир бөлүгүн басып алгандыгын да белгилеп кетти. Бирок доогер айткан жер тилкесинин күбөлүктөрүнүн даректери дал келбегенин КАДАСТРдын өкүлү айтты жана муну төрагалык кылуучу судья Матисаков да байкап, ишти негизи боюнча кароого доогерден макулдугун сурады. Доогер макул экендигин билдирди.

Жаран М. Ж. туруп доогер Х. А. анын кошунасы эместигин айтып, анын 25тей жанындагы жашаган кошуналары тастыктаганы сот отурумуна келип, бирок ал жерге кире албагандан улам доогер Х. А.нын аларга «эч кандай кошуна эмес жана ал жерде өтмө жер тилкеси жок»,- деп кол топтоп бергендигин кошумчалады.  Жаран М. Ж. 2013-жылы башкы прокуратурага кайрылгандыгын, УКСдан атасы экөөбү эч кандай жер тилкесин албагандыгы туурасында маалым каты бардыгын, Ош облусунун сотунун 2016-жылы чыккан  токтомунда жолду бузуу эмес, ошол жердин ээси менен жолду кеңейтүү жөнүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү деген чечим чыгаргандыгын айтты. Жаран М. Ж. доогер Х. А. жалганчы экендигин айтып өзүнүн жер тилкесинин күбөлүгүн көрсөттү.

Төрагалык кылуучу судья Матисаков К. Н. госрегистр, мэрия, экотехинспекция жана архитектура өкүлдөрүн тартып, бул ишти башка күнгө белгилешин айтты.

P. S. Төрага Матисаков К. Н. жардамчысы байкоочуга сот отурумуна катышуу үчүн бөлүм башчысынын атына арыз жазуу сыяктуу мыйзамда жок өз эрежелерин киргизип алган. Ал эми судьянын катчысы: "Мындан башка сот отурумдарына катышпайсынбы? Кирбей эле кой.", - деп сот отурумуна киргизбөөгө аракет кылды.