2021-жылдын 19-май куну Ош облусунун Кара-Суу райондук сотунда мониторинг жургузулду

добавлен 25 мая 2021 11:43
просмотров 928

 

 

Кара-Суу райондук сотунун дарбазасынан киргенде эле эки кабатуу сот имараты жайгашкан. Ал имараттын алдында контейнерден жана темир конструкциядан жасалган эки курулуш турат. Анын оң тарабында жайгашкан курулушта эшик, терезе коюлуп жылууланткан курулуштун ичинде канцелярия жайгашкан. Сол тарабындагы бүтө элек курулуш архив болоорун айтышты. Сот имратынын артында эркектер жана аялдар үчүн 1 ажаткана жайгашкан. Ажаткананын ичинде жарыктык жок. Судьялар өздөрү колдонгон башка ажатканасы бар. Сот имратынын биринчи кабатында кагаз түрүндө 2 сот залы көрсөтүлүп турат. Бирок бир сот залды судья Туманова В. С. өзүнө кабинет кылып ыңгайлаштырып алган. Экинчи сот залынын эшиги ключ менен бекитилип жабык турат. Ошондой эле биринчи кабатта архив жайгашкан жана каридордо кароого коюлган соттук иш тизмелери илинген доска бар. Кара-Суу райондук сотунда 11 судья иштейт. Алардан 7 судьянын кароого коюлган соттук иш тизмелери илинип турган. 4 судьянын иш тизмелери таптакыр жок. 

Төмөндө 11 судьянын аты-жөнү, отурган кабинети жана соттук иш тизмелери бонча маалымат келтирилген:

  1. Баймуратов Н. Р. төрага, жарандык  иштерин караган судья, 1- кабат 5-кабинет. Иш тизмеси 17-майга чейин (моонотун өтүп кеткен);                                             
  2. Кенжебаев Н. Т. жарандык  иштерин караган судья, 2-кабат 9-кабинет. Иш тизмеси 9-июнга чейин илинген;
  3. Анарботоева Б. Р. жарандык  иштерин караган судья, 2-кабат 13-кабинет. Иш тизмеси 15-июнга чейин коюлган;
  4. Токтомаматов К. Ж. кылмыш иштерин караган судья, 2-кабат 11-кабинет. Иш тизмеси 24-майга чейин белгиленген;
  5. Туманова В. С. кылмыш иштерин караган судья, 1-кабат сот залы. Иш тизмеси 25-майга чейин  илинген;
  6. Сооронбаев Н. К. жарандык  иштерин караган судья, 1-кабат 2-кабинет. Иш тизмеси 31-майга чейин коюлган;
  7. Арзиев М. М. жарандык  иштерин караган судья, 2-кабат 12-кабинет. Иш тизмеси жок;
  8. Маматов К. И.  тергөө судьясы жана жарандык иштерин караган судья, 2-кабат 10-кабинет. Иш тизмеси 20-майга чейин;
  9. Гуламидин у. Э. кылмыш иштерин караган судья, 2-кабат 1-кабинет. Иш тизмеси жок;
  10. Сарыбаев Б. А. тергоо судьясы 1-кабат 7-кабинет. Иш тизмеси жок;
  11. Абдураимов А. Б. жарандык  иштерин караган судья, 1-кабат 3-кабинет. Иш тизмеси жок;

Штаттык ырааттама боюнча:

  1. Судьялар – 11
  2. Судьянын жардамчылары – 10
  3. Сот жыйналышынын катчылары – 11

 

  1. Болумн башчы – 1
  2. Улук катчы – 2
  3. Адис – 2
  4. Иш кагаздарды алып баруучу – 2
  5. Архивариус – 2
  6. Курьер – 1
  7. Комендант – 1
  8. Сот приставы – 6

Төрага судья Баймуратов Н. Р.дин айтуусу боюнча сот имаратынын алдындагы контейнерден жана темирден жасалган курулуштар сот имаратында жай жоктугуна байланыштуу тургузулган. Сот залынын бирөөсүн кабинет кылып алган судья да кабинети жок болгондуктан экенин айтты. Ал эми экинчи сот залы бек  тургандыгынын себеби кымбат техникалар тургандыгында экендигин айтты. Жарандык иштер судьялардын өз кааналарында, кылмыш иштери жабык турган экинчи сот залында өтөөрүн судьялар канаалардын жетишсиздигинен улам экендигин айтышты.

 P. S. Кара-Суу району чоң район экендигине карабастан сот имаратында бөлмөлөрдүн аздыгы ал жерде иш алып барууга ыңгайсыздык жараткандыгы өкүндүрөт. Буга кошумча ошол жердеги кызматкерлердин бирөөсүнүн айтымына караганда жогоруда экинчи сот залында кылмыш иштери каралат деп айтылган сөз жалган экенин, ал сот залы ар дайым жабык турганын белгиледи.