Ош шаардык сотундагы соттук иштердин биринде

добавлен 19 мая 2021 10:45
просмотров 633

 

 

2021 – жылдын 14 – майында Ош шаардык сотунда төрагалык кылган судья Акматов А. А. КР ЖКнин 201-бер. 2-б. 1-п. менен айыпталган А. у. С., Ж. у. М., А. у. К.дин жазык ишин саат 14:30га койгон.

Сот отуруму өз убагында башталды. Судья Акматов А. А. сот залына кирип, жабырлануучу жана прокурор келбегендигин байкап, алар жөнүндө катчыдан сурады.

Катчы жабырлануучулар келбегендигин жана прокурор келе жаткандыгын айтты.

Прокурор 2 минутка кечигип келди.

Судья Акматов А. А. прокурордун жана адвокаттын өздүгүн тактап жаткан учурда судьянын телефонуна коңгуроо  келип, телефонуна жооп бергени да үлгүрдү.

Судья Акматов А. А. айыпталуучулардын өздүгүн тактап, укук-милдеттерин айтып кетти. Бирок айыптоо актын окуган жок.

Жабырлануучу келбегенге байланыштуу сот отуруму 21-майга жылдырылды.