Чуулу олум боюнча соттук иштин уландысы

добавлен 18 мая 2021 11:50
просмотров 818

 

 

2020 – жылдын 11 – май куну Ош шаардык сотунда КР ЖКнин 320-бер. 3-б., 140-бер. 2-б., 135-бер. 2-б. менен айыпталган А. С. К. жана КР ЖКнин 320 бер. 2-б., 172-бер. 3-б., 321-бер. 2-б, 320-бер. 3-б., 140-бер. 2-б., 135-бер. 2-б., менен айыпталышкан Э. Р. Т., С. Д. К., А. Ш. А., О. А. М., Ш. С. А. 6 милиция кызматкерлеринин сот отуруму саат 15:00га дайындалган. Эскертип кетсек 28-апрелде болуп өткөн сот отурумунда төрагалык кылуучу судьяга жабырлануучу тараптын адвокаттары ишенбөөчүүлүк көрсөтүшкөн. Биз бул жөнүндө жазганбыз. Ошол себептен бул сот отурумун судья Туманбаев У. Б. төрагалык кылып улантты.

Сот отуруму саат 15:20да башталды. Айыпталуучулардын колдоочулары бул жолу да көп келишти.

Катчы тараптар жөнүндө маалымдап, жабырлануучу жана күбөлөр келбегенин белгилеп кетти. Төрагалык кылуучу судья Туманбаев У. Б. ар бир тараптын пикрилерин сурады.

Мамлекеттик айыптоочу Б. Н.: “баштай берсек туура болот го дейм”- деп жооп берди.

Жабырлануучунун адвокаттары: “келишин күтөбүз, резонанстуу иш, соттук курам толук болуш керек”- деп сот отурумун жылдырыш керектигин айтышты.

Айыпталуучулардын адвокаты соттун кароосуна коюп, жабырлануучу ушуну менен бир нече жолу себебин айтпай келбегин белгилеп кетти. Жабырлануучуга адвокаттары аркылуу эскертүү берүүсүн суранды.

Судья Туманбаев У. Б. тараптардын пикирлерин угуп, иш тизмесин карап, сот отурумун 19-майга жылдырды. Ошондой эле айыпталуучуларды колдоп келген адамдарга пандемия күчөп жатканга байланыштуу өз коопсуздугун ойлоп көп болуп келбөөсүн суранды жана сот процессин мыйзам чегинде талапка ылайык каралышын белгилеп кетти.