Ош шаардык сотундагы соттук иш тизмелердин мониторинги

добавлен 18 мая 2021 11:27
просмотров 642

 

 

2021-жылдын 11-май күнү Ош шаардык сотунда, соттук кароого коюлган иштердин тизмесинде көп убакыттан бери иш тизмелери жаңыланбай жана мөөнөтү өтүп кеткен судьялар да аз эмес болгон. Алардын бири судья Алибаев Б. М..

2021-жылдын 2-апрелинде  Ош шаардык сотунда байкоочу мониторинг жүргүзүп, кароого коюлган соттук иш тизмелери жөнүндө жазган. Биз бул жөнүндө жазганбыз. Ошол учурда судья Алибаев Б. М. Ош шаардык сотунда  убактылуу төраганын милдетин аткарып турган мезгилде байкоочу судья Алибаев Б. М.ке кайрылып, өзүнүн жана башка судьялардын кароого коюлган иш тизмелери жаңыланбагандыгын жана кээ бир судьялардын иш тизмеси таптакыр жоктугун айтып кеткен. Андан кийин судьялардын көпчүлүгү иш тизмелерин илип башташкан. Судья Алибаев Б. М.да 9- апрелден 15-апрелге чейин кароого коюлган иш тизмесин илген. Бирок 15-апрелден баштап 26-апрелге чейин кайра иш тизмесин жаңылашты унутту. Ошол убактын ичинде байкоочу судья Алибаев Б. М.тин кароого коюлган сот иштерине катышуу максатында секретарына бир нече жолу кайрылган. Бирок судья Алибаев Б. М.тин секретарынан: "Азыр жабык процесс", "иш тизмени азыр илебиз", "тарапташтар келбеди"- деген жоопторду алып, байкоочу судья Алибаев Б. М.тин сот отурумдарына катыша албай жүргөн. Акыры 26-апрелде, 26-апрелден 30-апрелге чейинки кароого коюлган иштер тизмесин илишти. Бирок эң кызыгы ал тизмеде беренелер,  такыр жазылган эмес. Жогорудагы тизме 11-апрель күнү да жаңыланбай илинип туруптур.

Соттук кароого коюлган иш тизмеси жок же жаңыланбаган башка судьялардын аты-жөнү:

Абдыразаков. Н. Т.,

 Матенов Т. У.,

Токтосунов Т. К.,

Курманбеков У. Т..

 

Соттук кароого коюлган иш тизмеси илинип турган жана мөөнөтү жаңыланган судьялардын аты-жөнү:

 Алимбекова. Ж. К.,

 Турдалиев Н. Н.,

 Маматалиев Т. А.,

 Матисаков К. М.,

Омурзаева А. А.,

Туманбаев У. Б.,

Акматов А. А.,

 Авазов М. А.,

Баатырбеков Ж. М.,

 Истамкулов К. М.

 

P.s. Ош шаардык сотунда судья Алибаев Б. М. "ички эрежелерди сактабай көнүп калганбы?" "Же ачык сот процесстерине байкоочуну киргизүүнү каалабайбы?" "Же секретары жалкоо болуп иш тизмени илгени мойну жар бербей жатабы?"- деген суроолор жаралат. Эмне болсо да Ош шаардык сотунун төрагасы судья Матисаков К. М. чогулуш өткөргөн учурда эрежелерди сактоо боюнча эскертүү берип койсо болмок.