Ишенишке кирген айыпталуучу

добавлен 29 апреля 2021 11:06
просмотров 582

 

 

2021-жылдын 26-апрелинде Ош шаардык сотунда төрагалык кылуучу судья Турдалиев Н.Н. КР ЖК нин  200-беренеси менен айыпталган жаран К. У. А.нын сот ишин карап баштады.

Саат 13:00 – 13:30га дайындалган сот отуруму кечигүү менен башталды. Бир тараптан катчы СИЗО менен  байланыша албай жатса, экинчи тараптан айыпталуучу К. У. А.нын жактоочусу С. О. кечигип жатты.

Катчынын айтуусуна караганда СИЗОнун кызматкерлери айыпталуучу К. У. А.нын кайсы камерада экенин таба албай жатышты. Аны уккан судья Турдалиев Н. Н. кийинки боло турган процесстин айыпталуучусу С. у. А.ны сурады. Катчы СИЗО кызматкеринен тактаганда, байланыштырып бере алышынын айты. Ошентип КР ЖКнин 204-беренесинин 2-3-бөл. менен  айыпталган С. У. А.ны онлайн байланышка чыгарышып, экинчи сот иши карала башталды. Иш боюнча жабырлануучуну сот залына чакырылды.

Судья Турдалиев Н. Н.  айыпталуучу С. у. Адан адвокаты каякта экенин сурады. Айыпталуучу С. у. А. бүгүн сот процесси болушун билбегенин айтты.

Прокурор Р. А.: “Актибаева деген адвокатты өзүңөр алдыңарбы эле же мамлекеттин эсебинен  (Жазык-процесстик кодексинин 45-беренеси)  катышып жатабы бул?”,- деп сурады. Айыпталуучу С. у. А.  мамлекет тараптан берилгенин айтты.

Прокурор Р. А. ачуусу келип судья Турдалиев Н. Н.ге  адвокат Актибаевага чара көрүүсүн сурады жана судья Турдалиев Н. Н. менен кеңешип, сот залында отурган айыпталуучу К. У. А.нын кечигип келген адвокаты С. О.ту мамлекеттин  эсебинен 45-бер. менен айыпталуучу С. у. А.га адвокат болуп берүүнү суранышты. Адвокат С. О. макул болду. Айыпталуучу С. у. А.да каршы болгон жок.

Судья Турдалиев Н. Н. сот отурумун ачык деп жарыялады.

Судья Турдалиев Н. Н. жабырлануучу А. Н. менен айыпталуучу С. у. А.нын өздүгүн тактады. Айыпталуучу С. у. А.нын өздүгүн тактап жатып, буга чейин 166-бер. менен соттолгону белгилүү болду.

Жабырлануучу А. Н.ге сөз берилди. Жабырлануучу А. Н.дин айтуусу боюнча айыпталуучу С. у. А. жабырлануучудан бодо малдарын карызга алып, кайра ал акчасын өз убагында кайтарып жүрүп жабырлануучунун ишенимине кирген. 2020-жылдын 15-ноябрында жабырлануучу А. Н.нын Hyundai Sonata үлгүсүндөгү  автоунааны 9700$на (тогуз миң жети жуз АКШ долларына) 2 айлык мөөнөткө карызга баалап алган. Андан кийин ошол 2 айдын ичинде 13800 $ды (он үч миң сегиз жүз АКШ долларды) 10 күнго карызга алып анын үстүнө 140000 (жүз кырк миң ) сом кошуп берүүнү убада кылган. Бирок бир нече күндөн кийин эле 3 асый болгон кара түстөгү атын 115000 (бир жүз он беш миң) сомго карызга баалап, 3 күндө алган аттын акчасын кайтарып берүүсүн айткан.

АйыпталуучуС. у. А. жогоруда карызга алган акчалардын баарын өз кызыкчылыгына иштетип жиберген. Бирок жабырлануучу А. Н. тергөө учурунда бир гана атын  кайтарып ала алган.

АйыпталуучуС. у. А. айыбын толугу менен мойнуна алды. 

Жабырлануучу сөзүн аяктагандан кийин Судья Турдалиев Н. Н.  сот отурумун 19-майга жылдырды.

P.s. Судья Турдалиев Н. Н.  соттук кароого койгон иш тизмесинде айыпталуучу С. у. А.тун иши саат 11:30га коюлган. Бирок сот отуруму 13:44 тө башталды.

Жабырлануучу А. Н. суйлоп жатканда прокурор Р. А. ар бир сөзүнө комментарий берип, акыл-насаат айткан учуру көп болуп, ушул нерсеге убакыт көп кетти. Прокурор өз комментарий жана ой-пикирлерин азайтып сөздүн аягында айтса жакшы болмок.