Баткен областык сотунда иш тизмелери ар жума жаныланып, болум башчысынын козомолундо

добавлен 26 апреля 2021 16:17
просмотров 892

 

 

2021-жылдын 23-апрелинде биздин байкоочу Баткен областык жана Баткен райондук  сотторунун ишине байкоо салып келди. Алгач байкоочу Баткен областык сотуна барган кезде, бөлүм башчысы ага “алгач биздин иш менен таанышаардан муурда төрайым Гульмира Кожобекованын уруксатын алуу керектигин түшүнтүрдү. Байкоочу маакул болуп, тийиштүү уруксат алынгандан кийин Баткен областык сотундагы жумуш графиги, процессттердин белгиленген мөөнттө өткөрүлүшү, канцелярия шарты  менен таанышкан. Байкоочу канцеляриянын коопсуздугу боюнча сураганда  бөлүм башчысы бардык документтер тийиштүү тартипте сакталып, каралып болгондон кийин, архивке тапшырылышын кошумчалады.

Андан кийин байкоочу Баткен райондук сотуна барып, ал жердеги жумуш графигинин качан акыркы жолу жаңыланганына байкоо салды. Бул жерде дагы бардык процесстер белгиленген мөөнтөө өткөрүлүп, дем алыш күндөрүнөн сырткары ар күнү сот процссетери өткөрүлөт. Жалпсынан Баткен райондук сотунда 4 судья иш алып барат. Төрага Расул Оморов Бактыбекович.Штаттык тартипте 16 кызматкер иш алып барат. Ошондой эле кызматкерлер имараттын эскилиги, бөлмөлөрдүн жана просес откон залдын жетишсизидгинен нааразы. Ошентип байкоочу ошол күнү саат 14:00 белгиленген отурумга катышып, көз салды. Төрагалык кылуучу Оморов Расул Бактыбекович отурумду өз убагында ачык деп жарыялады. Доогер, жоопкер жана алардын окулдору сот залына келишти. Э. Н. нике учурундагы салынган үйгө кеткен каражатты өндүрүү боюнча доо арызы  каралып, ага эки жактын ата-энеси катышкан. Доогоер Э. Н. учурда эки баласы менен калгандыгын жана турмш шарты оор экендигин эске алуу менен кеткен каражаттын үч бөлүгүн тактап айтканда 350 мин сом өлчөмүндөгү акча каражатын айыпталуучу  тараптан өндүрүп берүүнү суранган. Эргешова Назиранын жолдошу Амирбеков Мырзакмат аялынын  айткандарын бардыгы калп экендигин айтып, өтүнүчтү четке кагууну суранган. Белгилей кетүүчү нерсе, А. М. жана Э. Н. 2018-жылы расмий ажырашкан. Жыйынтыгында тараптар ортосунда пикир келишпестик жаралгандыктан, төрага Оморов Расул Бактыбекович ишти кайрадан кароого 2021-жылдын 26-апрелине калтырган.