Эмгек акы толонуп берилбейт

добавлен 13 апреля 2021 09:49
просмотров 867

 

 

Бишкек шаардык сотунун жарандык жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясы судья И.И.Скрипкинанын төрагалыгы астында 2021-жылдын 6-апрелинде А.Кайгырованын Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын адвокаттар кеңешине, Кыргыз Респубикасынын адвокатурасынын алдында адвокаттардын окуу борборуна апелляциялык даттануусун карады. Апелляциялык даттануу  эмгек акыны өндүрүү жана чыгымдардын ордун толтуруу, ошондой эле материалдык дооматтарды негизсиз деп табуу жөнүндө болгон. Биринчи инстанциядагы соттун чечими менен доогердин  талаптары канааттандыруусуз калган..

Отурумга доогер А.Кайгырова жана анын өкүлү, жоопкер, Кыргыз Республикасынын Адвокатурасынын төрагасы катышты. Сотто жоопкерге суроо беруу улантылды. Доогер Адвокаттар кеңешинин штаттык ырааттамасы жонундо, штаттык ыраттаманы ким бекитет жана кызматкерлердин айлык акысын ким бекитет деп сурады. Жооптордон кийин төрагалык кылуучу судья  тараптардан соттон эмне сурап жаткандыгын сурады.

А.Кайгырова Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечимин жокко чыгарып, ишти башка сот курамындагы бардык документтерди кылдат иликтөө үчүн ошол эле сотко жөнөтүүнү суранды. Жоопкер биринчи инстанциядагы соттун чечимин күчүндө калтырууну суранды. Коллегия тараптарды угуп, кеңешүү бөлмөсүнө чыгып кетти. Чыгып Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими күчүндө калтырылып, доогердин апелляциялык арызы канааттандыруусуз калтырылган чечимин окуду (орус тилиндн макала бул жерде).