Кесиптик милдеттерине кайдыгер мамиле кылуу

добавлен 10 декабря 2020 12:26
просмотров 1086

 

 

2020-жылдын 7-декабрында Бишкек  шаарынын Ленин райондук сотунда  жаран Эралиевди жумушка кайра орнотту боюнча сот отуруму уланды (биз бул туралу жазганбыз). Төрагалык кылуучу судья Ибраева Ч. Н. сот отурумунда доогер жана жоопкер алып келген документерди текшерип, тараптар соттон эмне сурап жаткандыгын сурады. Доогердин өкүлү доо арызды толугу менен колдоп, Эралиевди жумуштан алуу боюнча жана дисциплинардык чара коруу боюнча буйруктарды жокко чыгарып, аны кайра жумушка калыбына келтирүүнү талап кылды.  Себеби Эралиевди жумуштан бошоту боюнча буйрук ал ооруп, ооруга  байланыштуу эмгек өргүдө жүргөнүндө чыгарылган  деп түшүндүрмө берди. Жоопкердин өкүлдөрү иш боюнча Эралиев жылдын башынан эле жылдык отчетторун бербей Агенттик менен байланышка чыкпай, оору боюнча эмгек өргүдөмүн деп отчетторун бербей жүрө бергендигин билдиришти. Ошондой эле иштен бошотуу боюнча буйрук чыкканда ал киши ооруп жатканы тууралу эч кимге маалымат бербегендигин айтышты. Судья тараптарды угуп, тактоочу суроолорду берди. Ишке жарамсыздык баракчасында кандай оору менен ооруп ишке чыкпагандыгы жазылбаганына байланыштуу, кийинки отурумга тактоосун жана ишке жарамсыздык баракчасы экинчи ирет узартылганда, ортосундагы бир күн Эралиев жумушка чыкканбы же чыккан эместигин тактоону сурады. Сот отурумуна берилген убакыт аяктаганына байланыштуу, сот отуруму 2020-жылдын 11-декабрына, саат 14.30га дайындалды.