Инисинин мулкун квартирантка чечип беришти

добавлен 16 мая 2012 12:10
просмотров 792

 

 

15 май 2012 жылы Жогорку сотто Казиева Шарапаттын көзөмөл иретинде доо арызы каралып, Жогорку соттун соттук коллегиясы курамында: Арапбаев Н., Осмоналиев К., Альпиева А. арызын канааттандырбай, инисинин мүлкүн квартирантка чечип беришти. Бул иштин маңызын бул жерден окусаңар болот "Ата мурас кимге калат?". Ошентип, эгер силер мүлкүңөрдүн документтерин тактап турбасаңар, квартиранттар же бөтөн кишилер тартып алышы мүмкун, анткени Кыргызстанды мыйзам иштебейт жана сиздин мүлккө болгон укугуңарды мамлекет коргобойт. Бул каралган иште соттор сатуу-сатып алуу келишими жок экендигине, акчаны алганын көрдум деген кубөө ошол убакта Кыргызстанда болбогондугуна жана системалык катто баракчасы негизги документ болуп эсептелбегенине көңүл бурган эмес.  Андан тышкары бул мүлккө карата чыгарылган токтом туура эмес болгон себеби айыл өкмөтү мүлктүн ээси табылбаса өзүнүн арызы менен сотко кайрылып, соттун чечими менен мүлктүн ээси жок деп табылып, андан кийин аукцион аркылуу сатып каражатты айыл өкмөттүн счетуна салып башка адамга берүүсү мүмкүн. Мындан башкасы баардыгы мыйзамсыз. 

Система Orphus