Жазык иш аймактык караштуулугу озгортулгондон кийин каралып баштады

добавлен 09 сентября 2020 12:55
просмотров 926

 

 

2020-жылдын 8-сентябрында Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда судья С. К. Жумадыловдун торагалык кылуусунда М. Т. Айдаровго карата КР КЖКнын 315-б. 1-б. боюнча козголгон кылмыш иш каралып башталды. Биз бул иш жонундо бир нече жолу жазганбыз.

Сот отуруму саат 16:00 дайындалган, бирок ага чейин коюлган отурум созулуп кеткенине байланыштуу 10 мунотко кеч башталды. Судья сот отурумду ачык деп жарыялады. Катчы келгендер жонундо маалымат берди. Отурумга мамлекеттик айыптоочу Базаркулов Т., айыпталуучу Айдаров М., жана анын жактоочусу Султанов А. келишти. Торагалык кылуучу М. Т. Айдаровдун оздугун тактап жана анын укуктарын окуп берди. Отурумга куболор келген жок, судья «Алар жок териштирууну баштай берууго кандай карайсынар?» деген суроо койду.   Тараптар каршы пикир келтирген жок. Мамлекеттик айыптоочу айыптоо актысын угузду. Айдаров М. Т. айып менен макул эместигин билдирди. Судья тараптардан «Ишти кандай нукта изилдейли?» деп сурады, айыптоочу Базаркулов Т. биринчиден куболорду суракка алып, анан соттолуучуну суракка алгандан кийин жарыш созго отууну сунуштады. Катышуучулар макул болушту. Куболор келбегендиктен судья териштирууну 2020-жылдын 17 сентябрьга саат 16:00 го дайындады, айыптоодон ушул кунго куболорду келишин камсыз кылууну сурады.

«Бул долбоор Кыргыз Республикасындагы АКШ Элчилиги тарабынан каржыланган. Бул жерде келтирилген сунуштар, корутундуулар жана пикирлер, авторлордун оюн гана билдирет. АКШ мамлекеттик департаментинин коз карашына дал келбеши мүмкүн»