Дагы бир судья четтетилди

добавлен 07 сентября 2020 09:05
просмотров 1167

 

 

2020 - жылдын 04-сентябрында саат 14:30го Чүй облустук соттунда айыпталуучу М. Т. Айдаровтун аппеляциялык арызы кароого дайындалган. Биз бул иш жонундо жазганбыз. Бирок жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясынын карала турган иштердин тизмеси маалымат тактайында жок экен, илинип турган  тизме эски экен июль – август иштер боюнча. Саат 14:40 жазык иштер жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясы: торагалык кылган Садырбеков Улан Маданбекович судьялар: Джумагулов Азамат Кадырбековичтин жана  Абдырашитов Тилек Арстанбековичтин курамында сот отурумун ачышты. Башталган сон М. Т. Айдаров торагалык кылган судья Садырбеков У. М. четтетүү боюнча отунуч келтирди, себеби буга чейин ушундай эле арызды (сотко чейинки ондурушто тергоочунун иш-аракеттерин мыйзамсыз деп табуу боюнча) карап аныктама чыгарган коллегия курамында катышкан. Сот отурумда катышуучу прокурордон пикирин сурады, ал бул иш боюнча М. Т. Айдаров дагы прокурорду четтетүү жөнүндө өтүнүчтү келтирген деди.

Калган соттук коллегия катышуучуларды чыгып туруунусун суранып, залда кенешууго калды. Жыйынтыгында  судья Садырбеков У. М. ишти кароодон четтетилди.

Соттор, жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясында башка сот калбай калды дешти. Соттук коллегия толугу менен тузулгондон кийин, ишти кароо куну белгиленерин билдирип, отурумду аякташты.