Бироонун FACEBOOKтагы аккаунту сизге карата кылмыш иши болуп калышы мумкун…

добавлен 27 февраля 2020 15:55
просмотров 1190

 

 

Биздин коомдук кабылдамага Бишкек шаарынын тургуну А. М. кайрылды. А. М. Кыргыз Республикасынын КЖКнын 315-бер. 1-болумундо каралган кылмышты жасаган деп айыпталууда.

Иштин маңызы:  29.08.2019-жылы Чуй ОИИББны ЭММКАКнын улук опер кызматкери интернет тармактары аркылуу жургузулгон талдоо иштеринин натыйжасында “ФЕЙСБУК” социалдык туйунундо “Темир Исламов” аттуу логиндеги баракчада 2019-жылдын 14-июнь куну саат 22:16 дан 22:34 чейинки аралыкта Кыргыз Республикасынын аймагында ишмердуулугуно тыюу салынган “Хизбут-Тахрир” диний экстремистик уюмунун пикирлерине окшогон ар кандай диний маныздагы материалдан таркатылгандыгын тапкан. Ошол эле куну Сокулук РИИБ тарабынан кылмыш иши козголуп, сотко чейинки ондуруш башталган.

17.09.2019-жылы “ФЕЙСБУКТАГЫ” “Темир Исламов” атындагы баракчалардан материалдар алынып, ал материалдарга карата Кыргыз Республикасынын Окмотуно караштуу мамлекеттик соттук-эксперттик кызматына соттук лингвистикалык-психологиялык экспертиза дайындалган.

27.09.2019-жылы экспертизанын берген №3575/27 сандуу корутундусуна ылайык, бул материалдарда экстримистик уюмдардын символикалары жана “Ислам мамлекетин” куруу боюнча чакырыктар бар экендиги тастыкталган.

04.12.2019-жылы 0999  XXXXXX абоненттик номеринин уюлдук аппаратынын имей коду аныкталып, андан кийии ошол эле имей коддо салынып жургон 0557 XXXXXX абоненттик номеринен “Фейсбук” социалдык тармагына код ачылганы аныкталган.

07.12.2019-жылы 0557 XXXXXX абоненттик номерин колдонуп жургон Ж. А. М. аныкталып, ал сурак учурунда - 0557 XXXXXX абоненттик номери салынып иштетилип жургон уюлдук телефон аталган ишкананын ээси жана аны менен чогу иштеген “М.” (М.А.) аттуу балага тиешелуу экендиги корсотуп, “Флай” улгусундогу уюлдук телефонун ичиндеги 0770 XXXXXX, 0557 XXXXXX, 0702 XXXXXX сандагы абоненттик номерлери менен биргеликте оз ыктыяры менен тергоочуго откоруп берип, ал жонундо акт тузулгон.

2020-жылдын 6-февраль куну А. М.Т. Кыргыз Республикасынын жазык кодексинин 315-беренеси 1-болуму менен шектуу катары билдируу берилген.

2020-жылдын 6-февраль куну саат 17:29 мунотто 05.10.1986-жылы туулган А. М. Т. Кыргыз Республикасынын ЖПКнин 98-беренесиинин негизинде шектуу катары кармалып, Сокулук РИИБнун УКЖна камалган.

2020-жыл 08-февраль куну Сокулук районунун сотунун тергоо судьясы Кумашев Ж. И. аталган жарандын калмалганын жана богот кою чарасын тандоону мыйзамдуу жана негиздуу деп токтом кылган.

Азыркы учурда бул иш боюнча тергоо журуп жатат. Шектуу А. М. Т. экспертизанын корутундусу менен макул болбой, аны жокко чыгарып башка экспертиза дайындап беруу отунучу менен сотко кайрылган экен. Ошол боюнча соттук процессин мониторинг кылып берууну биздин уюмдан суранды.

2019-жылдын 26 февраль куну Чуй областнын Сокулук райондук сотунда торагалык кылуучу сот Кумашев И. Ж. катышуусунда шектуу А. М. Т. жана анын жактоочусу А. К. Султановдун 2019 жылдын 29 августунда чыккан соттук диний, лингвистикалык-психологиялык экспертизанын корутундусун жокко чыгаруу жана жаны комплекстуу экспетиза дайындоо боюнча отунучу каралып баштады.

Сот отуруму жарым саатка кеч башталды. Катышуучулардан мамлекеттик айыптоочу, тергоочу, шектуу А. М. Т., анын жактоочусу Султанов А. К. жана эксперт-лингвист Абдыкожоев Т. Т. келишти. Алардын оздуктору аныкталгандан сон, жактоочу Султанов А. К. экинчи дин таатуу эксперти Болотбек к. Б. кутуп турууну отунду, тараптар карышы болгон жок. Сот 15 муноттон кийин сот отурумун улантты. Эксперттер сертификаттарынын кочурмолорун беришти, бирок адвокат Султанов А. К. алардан сертификаттардын туп нускасын талап кылды. Эксперт Болотбек к. Б.: «Биз сертификаттын озун дайыма озубуз менен сотко алып келбейбиз, анткени жоготуп алуудан коркобуз. Сотторго кочурмосу менен эле катышып жургонбуз дайыма» - деп айтты.  Султанов А. К. сотко сертификаттын туп нускасын корсотуу жонундо отунуч келтирди. Прокурор, тергоочу жана эксперттер каршы пикир айтышты, бирок сот отунучту канаатандырып, отурумду 2020-жылдын 3 мартына саат 14:00 жылдырууну чечти.

P. S. Бир нече киши колдонгон корпоративдик номер менен «FACEBOOK» социалдык тармагына профиль ачылып, ал аркылуу экстремисттик материалдардар жайылтылган. Ошондуктан номерди колдонгон адамдардын бири жоопко тартылып жатат.

«Этот проект был профинансирован Посольством США в Кыргызской Республике. Мнения, выводы и заключения или рекомендации, выраженные здесь, представляют мнения авторов и не обязательно отображают точку зрения Государственного Департамента США»