Жасалма берилген корсотмо менен адам соттолуп кетеби?

добавлен 27 июня 2019 16:16
просмотров 1104

 

 

Бугүн биздин коомдук кабылдамага Э. К. Сулаймановдын атасы келди. Адилеттүүлүк сотто барбы деп?

Чуй областынын Москва райондук соту курамында терагалык кылуучу Маматкеримов У.Т., Э.К.Сулаймановду КР ЖК-тин 2 болумунун 1 пунктунун 267 беренесинде корсотулгон кылмышты жасоодо айыптоо боюнча кылмыш ишин карап жатат.

2019-жылдын 24 июньда сот отурумунда жактоочу А. Э. Кадыралиев торагалык кылуучу судья У.Т.Маматкеримовду жана айыптоочу прокурардун жардамчысы Р. Ишеналиевди ишти кароого ишеним корсотпой ишти кароодон чететууну сурануу отунучун келтирилген. Отунучту томонку негиздер менен келтирген. Э.К.Сулаймановко карата жургузулгон кылмыш иши Москва райондук соту тарабынан 2018-жылдын 7-декабрында КР КЖКин 247 бер. 3б. 4п. менен соттолгон А.Л.Шадиев жонундогу кылмыш иштин ичинен озунчо ондурушко болуп алынган. Ал кылмыш иштин алдын ала тергоо журуп жаткан учурда айыпкер А.Л.Шадиевке: "Сен бул 2кг. героинди кайдан алгансын?" - деген суроо берилгенде А.Л.Шадиев: -"Мен бул наркотикалык затты Сулайман деген адамдан алгам, ал эми буга мурдагы Баткендин губернаторунун дагы тиешеси бар, ага 7000 (жети мин) АКШ долларрын бермекбиз"- деп корсотмо берген. Ал эми ал иш сотко жонотулуп, соттук териштируу журуп жаткан учурда соттолуучу А. Л. Шадиев: "Бул наркотикалык затты кайдан алгансыз" - деген суроого Пирназаров Салимбай деген адамдан алгандыгын айтып корсотмо берген. А. Л. Шадиевдин соту жургузулгон протоколунун кочурмосу Э.К.Сулайманов жонундогу кылмыш ишке тиркелуу. Мындан сырткары А. Л. Шадиев  Э.К.Сулайманов жонундогу кылмыш иштин алдын ала тергоосу жургузулуп жаткан учурда берген корсотмосундо жана А. Л. Шадиев Э. К. Сулайманов менен беттешкен, андан кийин Э. К. Сулаймановдун кылмыш иши боюнча соттук териштируу учурунда берген корсотмосундо дагы бул наркотикалык затка Э. К. Сулаймановдун тийешеси жок экендигин корсотуп, аны Пирназаров Салимбай деген кишиден алгандыгын айтып корсотмо берген.

            Э. К. Сулайманов жонундогу кылмыш иши боюнча толук эмес, жагдай ар тараптуу териштирилбей айыпкер А. Л. Шадиевдин жалган берген корсотмосунун негизинде жасалма берилген корсотмолорду чогултуп Э.К.Сулаймановдун кылмыш ишин негизинен кароо учун Москва райондук сотуна жоноткон. Тергоочу алдын ала тергоо учурундагы А. Л. Шадиев менен Э. К. Сулаймановдун беттештируу протоколун кылмыш ишке кошпой тиркеген эмес.

            Бул жагдай дагы ишти алып барган тергоочу Бакыт Сатымкулов тарабынан кылмыш ишти жасалмалап айыптоо жагдайда тергелгендиги корунуп турат.

            Бул кылмыш иши боюнча Э.К.Сулаймановко карата бир дагы аны куноолой турган далил жок. Ал эми алдын ала тергоо учурунда суралышкан милиция кызматкерлери жана иш боюнча калыс катары катышкан куболор А. Л. Шадиев озу корсоткондой жалган берген корсотмонун негизинде суралып А. Л. Шадиев ушундай айткан дешип А. Л. Шадиевдин биринчи корсотмосун негиз кылып алынып тергоочу Б.Сатымкулов тарабынан сурак жургузулгон. Ошондуктан Москва райондук сотунун судьясы У.Т.Маматкеримовко ал ишти ар тараптуу, калыс изилдоо менен алып баруусун суранып, иш боюнча кубо болуп отушкон куболор Эрмаматов Айбекти, Утогулов Азимди, Ибраев Ильгизди, Абдиев Алмазбекти жана Айдарканов Азаттарды соттук териштируу учурунда кубо катарында сурак кылуу учун кат жузундо берген отунучубузду калыстык кылбастан негизсиз канаттандыруудан баш тартып, иш боюнча кабыл алынган чечим менен кошо арызданууга жатат деген токтом кабыл алды. Айыпталып жаткан берене 12 жылдан 20 жылга чейин, ал эми жаны 2019- жылдын 1- январынан тартып кучуно кирген мыйзам боюнча 10 жылдан 12 жыл 6 айга чейин адам эркиндигинен ажыратылат, демек адамдын омурунун жарымы, ушундай чындыкка жетип изилденип, калыс баа берилбей турмодо откоро болсо берет деген шалакалык мамиле менен жасоо эч бир мыйзамга сыйбайт деп айтсак туура болот. Бул жерде эл куткон сот адилеттиги Э.К.Сулаймановдун кылмыш ишин кароодо болгон жок жана КР КЖКын талаптарын сактабастан, иштин материалын терен изилдебестен устуртон бир тараптуу карап мыйзамдын талаптарын одоно бузуу менен окум кабыл алынабы?

            Жактоо тарап  судьянын   жана   прокурордун  иш боюнча корсотулгон кубоо адамдарды сотко камсыз кылат деп ишенгенбиз, бирок сот прокурордун талабы боюнча куболордун тергоодогу корсотмолорун жарыялоо менен чектелип иштин кароосун аягына чыгуу аракети жана  соттолуучу   Сулаймановко   айыптоо   багытында  иш   журуудо. КР ЖПКнын талабы,соттук териштирүү учурунда чогулган далилдерге гана тайанып бир чечимге келүү жагы көрсөтүлгөн.

Ар бир соттон чыккан окум бул адамдардын тагдырлары (айыптоочу, анын туугандары). Соттор ишти ар тараптуу карап, адилеттүү, мыйзамдуу окум чыгарышы  керек.