Пресс-релиз 13.04.2012: Сот жана укук коргоо органдарынын иши - колунда барлардын иш-аракеттерин жаап жашырууга багытталган.

добавлен 13 апреля 2012 17:45
просмотров 811

 

 

 

Катышуучулар: Карасартова Рита – жарандык кеңештин координатору, Мамбетов  Сабыржан – коомдук кабылдаманын юристи жана соттордун жана укук коргоо органдарынын аракеттеринен жабыр тарткандар.

 

Коомдук кабылдама иштеп баштагандан бери  соттордун жана алардын ишинин үстүнө пикирлер менен 984 адам кайрылды. Алардын ичинен соттордун  ишине  даттанып,  документтери менен  347 (бардык документтери  тиркелген) адам, ар кандай себептерден  документ алып келбегендер оозеки кеңеш алышты.

Бүгүнкү күндө соттордун чечимдерине даттануулар коомдук кабылдамага  түшүп жатат, ал жерде соттун ээн баштыгынан  жабыркагандар  тергөө органдарынын жана прокуратуранын сапатсыз иштеп жаткандыгы жөнүндө айтып жатышат.

Мисалы: 1) Т. Жайыковдун иши боюнча, аны  маалымат алып жана аны тараткандыгы үчүн психиатриялык ооруканага жаткырышкан, башкы прокуратуранын прокурору К.Кубатов, Жайыковду кайрадан мажбурлап жаткыруу жөнүндө соттон суранды; 2) Рысалиевдин мүлкүн тартып алуу боюнча,  документтерди жасалмалап,  күрөөгө койулган мүлктү БТА банктын кызматкерине жаздырып алышкан. Расмий документтердин (кагаздардын)  бар экендигине карабастан ( качан  банк тарабынан мүлккө тыюу (арест) алынып салынганда,  насыя алуучу өзүнүн милдеттерин аткарды деп көрсөтүлгөн учурда, ошол убакытта насыяны төлөө уланып жаткан ), Чуй облусунун Аламадүн районунун тергөө органдары эч нерсе кылган эмес; 3)АК ОРЕМИ (Мурунку Тяжэлектромаш заводу) рейдерлик жол менен басып алуу жөнүндө, жеке жак менен  жарандык укуктук мамиле болгон учурда дагы, укук коргоо органдары ( Бишкек шаарынын прокуратурасынын тергөө башкармалыгы) кызыктар тараптар менен сүйлөшүп алышып , “кезектеги”  кылмыш ишин козгошот жана доогердин кызыкчылыгын көздөп (албетте, сүйлөшүүлөргө жараша өзүлөрүнукүн)  кылмыш амалдарын жургүзүшөт.4) Куралдуу күчтөр майоруна кылмыш ишин козгоо боюнча. Куралдуу күчтөрдүн майору УКМК органдарына башка мамлекеттин жарандарынын Кыргыз Республикасында жүргөндүгү мыйзамдуу экендигин аныктоо үчүн кайрылгандыгынын натыйжасында майордун өзүнүн үстүнөн аскерге чакыруу комиссиясын мыйзамсыз өткөргөнү тууралуу кылмыш иши козголгон.

Биз ушундай абалга туш болгон жарандарды кол тушурбой, ээн баштыкка жол бербей, аны менен курошууго чакырабыз.  Чогуу аракеттер менен гана биз криминалсыз Кыргызстанды кура алабыз.

Эгер Сиз, сиздин соттук ишти тыштан козомолдоткунуз келсе, анда коомдук кабылдамага томондогу дарек аркылуу кайрылыныз: Бишкек шаары, Манас пр.16  (Москва көчөсүнүн кесилиши) 102 бөл, тел. (0312) 316232, Email:koom.kg@gmail.com   Веб сайт  www.koom.kg

Система Orphus