Кошстандарттулук качан тубубузго жетет болду экен???

добавлен 26 декабря 2018 15:37
просмотров 1509

 

 

Биздин коомдук кабылдамага Эшмембетова Кылым Акыновна кайрылды. Ал  укук коргоо жана соттордун ишине нааразы болуп бизге чечимдерин алып келген.

Иштин маңызы: Кылым Акыновна 2015 жылы Балыбаева Айчүрөк, Балыбаев Чынгыз жана Балыбаева Элмира атту жарандардан төрт гектар айылчарба жер сатып алат (72 жер тилкеси).Ишеним кат бул жерде. 2015- жылдан бери тилкелерди бөлүп берем, деп алдап келген дейт. Убадасын аткарбашын билип (НТС ТВдан “Эл билсин” көрсөтүдөн Сот кимди соттойт атту көрсөтүдөн көрүп калат), телефон чала баштаса таптаакыр албай кача баштайт. Ошентип, айласы кеткенде Ленин райондук РИИБке  кайрылат. Бул ишти Шейшеналиев Данияр Шавединович атту тергөөчүү апасына жана балдарына КР КЖК п.3 166 беренеси менен кылмыш ишин козгойт. Кийин бул ишти сотко жиберип жатканда эмнегедир беренесинин пункттун өзгөртүп жеңилдетип жибериптир (эмнеге жеңилдеткенин, кийин сотко барганда билет).Токтом бул жерде.

Иштин сотто каралышы:

20.11.2018 жылы Сокулук райондук соту, курамында төрагалык кылган судья С.М. Сайырова бул ишти  бир соттук отурумда карап ишти кыскартуу боюнча токтом чыгарып койгон.  Бул үй-бүлө күңөлү деп өкүм чыккан эмес, жабырлануучулар азыркы күндө абдан көп, 18 эпизод боюнча 18 адам жабырланычуу бир иш азыр каралып жатат, дагы   үч эпизод боюнча дагы бир иш каралып жатат. Баардык жерде ушундай көрүнүш.Соттун чечими бул жерде.

Балыбаевдерди КИМ колдоп жатат болду ЭКЕН деген суроо туулат. Жабырлануучулардын  айтымында бул Башкы прокуратурасынын тергөө бөлүмүнүн кызматкери Бешимов атту прокурор экен.

Азыр бул бизге кайрылган  эже жашаган үйүнөн айрылүүнун аствнда турат, анткени Балыбаева Элмиранын насыясына ал кепилдик берген, жана үйүн залог катары коюп берген. Сот чечимин  аткаруу жонундо сунуш бул жерде.

Ушул эле үй-бүлөдөн жабыр тарткан Кудаш уулу Нурлан дагы кайрылды. Эки жер тилкеге ишеним кат берип, кийин Нурлан ал жер тилкеге үй салып алгандан кийин, бул менин жерим, ишеним каттын мөөнөтүү өтүп кетти  деп, жерди бошот деп, ал жер тилкеге өз вагонун коюп, дагы бир соттук териштирүүнүн алдында турушат. Ишеним кат бул жерде.

P.S. Эмнеге бизде кош стандарттуулук өнүгүп жатат, эмнеге укук коргоо органдары ачыктан ачык бир тараптын кызыкчылыгын көздөп калышкан, эмнеге сот адилеттүүлүктү орундатуу үчүн укугун колдонбой тергөөнүн  кызыкчылыгына жол берет???