Экс-айыл чарба министирине тиешелуу кылмыш иши Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда каралуусу улантуулуда

добавлен 20 июля 2018 10:42
просмотров 1305

 

 

2018-жылы 18-июль күнү Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьясы М. Термечиков мурунку айыл-чарба министри Ч. Узакбаевдын "Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш ишин кароо улантылды. Биз бул тууралуу жазганбыз.
 
Судья М. Термечиков соттук отурумду ачык деп жарыялаган сон,  мамлекеттик айыптоочу А. Акматовдун ордуна Н. Алыпсатарова келгенин ырастап өттү.  "Соттук териштируу ишине кошумча күбөлөр келдиби?",-деген суроого, соттолуучу: "Бүгүн негизги  күбөлөр: Касымов, Жумабаев келбей калды . Касымовдун дайыны жок болуп жатат, Жумабаев  болсо Нарынга кетиптир, кийинки соттук отурумга чакырам, соттон жардам катары повестка жөнөтүлсө келет эле. Ошондуктан, соттук отурумду кийинкиге жылдыруунузду суранам, алар конкреттуу жооп беришмек",-деди. Мамлекеттик айыптоочу дагы күбөлөрдү угуу зарылдыгын билдирди.
 
Биринчи май райондук сотунун судьясы М. Термечиков соттолуучунун суранычын канааттандырып, соттук териштирүү ишин 31-июль күнү саат 14:00го жылдырды.