Кызматтык кылмыш ишин кароодо сот прокурорду четтетти

добавлен 27 июня 2018 13:34
просмотров 1247

 

 

     Кечээ Ысык-Ата райондук сотунда  судья Урматбек Садыковдун торагалыгында  сот ишин кароо улантылды.  Анда  КР  КЖК  315-,171-,304-б. менен каралган кылмыш иштери боюнча Юрьевка айыл өкмөтүнүн башчысы  Б.Джекшембаев  менен айыл өкмөттүн жер боюнча адиси Б.Рысалиевдин  иштери каралып жатат. Бул иштер тууралуу  маалыматты  биздин сайтта   “ Жер адиси үй камагына чыкты” деген макалада токтолгонбуз (Караныз: МСУ .КЖ).   Сот  процесси   соттолуучунун жактоочулары берген өтүнүчүн угуудан башталды, анда сотко  катышып жаткан мамлекеттик айыптоочу  Ж.Сатыбалдиевди  сот процессинен четтетүүну суранышты. Өтүнүчтө   Ж.Сатыбалдиев  айыл өкмөттү текшерүүнү өзү уюштурганы, кылмыш ишин козгоодо демилгечи болгону, сотко да өзү өкүл болуп катышып жаткандыгын билдирилди. Бардык тараптардын пикирлерин уккандан кийин  судья  У. Садыков кеңешүүчү бөлмөгө кирип кетип, андан чыккандан кийин соттолуучунун жактоочулары берген өтүнүч канааттандырылгандыгын билдирди.  

        Кийинки соттук отурум эми прокуратуранын жаңы өкүлүнүн катышуусунда 10-июлда  өтмөкчү.