Акчасын кайтарам, деп камалган

добавлен 23 апреля 2018 17:34
просмотров 1825

 

 

              Бүгүн Бишкек шаардык сотунда судья А. Ж. Момуналиевдин  төрагалыгында,  судьялар: Т. Н. Аккозуев менен Н. Б. Эсенбаевдин курамында турган соттук коллегия “адамды  уурдоо” беренеси боюнча кылмыш ишин карап айыпталуучуга бөгөт кою чарасын тандады. Бул иште прокуратуранын өкүлү  болуп А.Ч. Шаршеева  катышты.

         Каралган иштин маңызы төмөнкүдөй:

           Сот реформасын көзөмөлдөө боюнча Жарандык кеңештин кабылдамасына Нарын районунан Кундуз аттуу келин кайрылды. Анын окуясы төмөнкүлөрдү кайтып берди:

           Кундуз  жолдошу Уланды  адам уурдоо беренеси боюнча Бишкек ГУВДге алып келгенин, андан кийин Свердлов райондук сотунда судья И.И. Гилязетдинова 2 айга баш коргоо чарасын камакка алуу боюнча чечим чыгарып беришкенин айтат. 
             Улан жарым жыл мурун 58 миң сом акчаны « унаа алам» деп сураныч менен келген Нурлан деген балага  берет. (Көрсө ал бала эч кандай унаа сатуу менен алектенбеген эле жигит болуп чыгат, ал буга чейин 2 жолу соттолгон). Улан 6 ай  өткөндөн кийин акчасын  Нурлан бербегендиктен   милицияга кайрылат. Милициядан « алдамчылык факты менен 3-4 адам арыз жазса, ошондо кана кармайбыз, болбосо сиздер жарандык тартипте сотко кайрылгыла” деген жооп алат ,  ошентип милиция  Уландын арызын кабыл албай коет. Андан соң ал Нурландын ата-энесине кайрылат, ата-энесинен «биздин андай балабыз жок, билгениңерди кылгыла» деген жооп угат.  Айласы кеткен Улан акча алган Нурланды издеп Чүй облусуна  келет.   Сокулук районунда бирөөнүн үйүндө батирде жашап жаткан Нурланды таап алат дагы, Сокулук районунун РОВДсине алып барат.  Сокулук РОВД: « бул киши бизде каттоодо жок, үйү жок, өзүңөр жашаган Нарын районуна алып барып ошол жерден териштиргиле» деген жооп алат. Мындай жоопту алгандан кийин Улан баягы Нарын районундагы милициясында иштеген балага телефон чалып, Нурланды  Сокулуктан издеп  тапканын билдирет. Нарындан: « Бул жерге алып кел, распискасын жаздырып, качан акчаны кайтарып берерин жаздырып алабыз» деген жоопту угуп Нурланды машина менен Нарын районундагы РОВДге алып барат. Нарын РОВДсынан  баарынан түшүнүк кат жаздырып алып, андан кийин  Уланды жана анын айдоочусу Аскат деген баланы жана Нурланды үчөөн тең камап коюшат?? Бирок,  аз убакыттан кийин  эмнегедир акчаны төлөбөгөн Нурлан  бошонуп кетип, акчасын өндүрө албай жүргөн  Улан камакка алынат.  Улан менен Асхатка «Нурланды уурдады» деген  күнөө коюлат, бирок ал убакта «мени уурдап кетишти « деген арыз Нурландан милицияга түшкөн эмес. Кантип окуя тескери жагына 180% айланып кетти? «Укмуштуунун төөсү жорго» дегендей  окуяга кайсы бир күчтөр аралашып жатканы байкала баштайт. Көрсө, Бишкек ГУВДсинде иштеген майор Эрлан Кыдыралиев  акчаны бербей жүргөн Нурландын кайниси бар  экен, анын « акылдуу кеңешинен» кийин  качып издөөдөгү  Нурлан куткарылып, аны Нарынга алып барган тиги эки баланы камакка алынып калат. Эгер ушул чыныгы  адам уурдоо болсо , Улан эмне үчүн Нурланды расмий түрдө  Нарын РОВДсине алып барат беле?  Бул окуянын жүрүшү такыр чындыкка окшошпойт, эч бир логикага сыйбайт.  Кылмыш кодексинин 123- беренесинде уурдаган адамды өз ыктыяры менен бошоткон болсо уурдаган адам кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотулат,деп жазылып турат. Бул жерде  майор Кыдыралиев Эрлан өз ээлеген кызмат ордун кыянаттык менен пайдаланып, балдарды камоого алууну уюштурганбы деген ой келет? Ал Улан арыз менен Сокулукка кайрылгандан кийин Нурланды куткаруунун ушундай жолун ойлоп тапкандыр, милицияга ишенген Уланды алдап туруп аны Нарынга жөнөтүүнү уюштурганбы?

        2017-жылдын 7- апрелинде  Свердлов райондук сотунда  судья И.Гилязетдинова  Уландын ишин карап туруп, анын  баш коргоо чарасын 2 айга камакка алынсын деген чечим чыгарып берет. Эмне соттор кылмыш кодексин окуган эмеспи, түшүнбөйбү? 

Бүгүн 23- апрелде Бишкек шаардык соту бул кылмыштын баш коргоо чарасы боюнча ишти карады. Бишкек ГУВДсинен Мокешов Темир Жээнбекович деген тергөөчү келип, “буга чейин Нурланды бир жолу эмес,  эки жолу уурдашкан” деп судьялардан баш коргоо чарасын өзгөртпөй камакта калтырууну сурады.  Уландын адвокатынын: - мурунку уурдалышы боюнча документтериңер барбы?- деген суроосуна, тергөчү - “Нурландын (уурдалаган жигит) сөзүнөн билдик”- деп жооп берди.

       Уландын жана анын жанындагы таанышынын бир туугандары Бишкекте турушат, сот отурумуна паспортун, балдарынын күбөлүктөрүн, нике жөнүндө күбөлүгүн нотариуска тастыктап жубайы Нарындан алып келген, жакшылыкка үмүттөнүп.

       Прокурор Шаршеева ушунун баарын угуп отуруп, “камакка калганы туура”- деп билдирди. Баарынан кызыгы мындан жарым жыл мурун, кудум ушундай окуяда  беш милициянын экөөсүну ууру- тепки (пытка) боюнча актап жатканда оозуна суу албаган  прокуратуранын өкүлү, бүгүн бул кылмышты оор деп, балдардын камакта болушун  суранды.

       Судьялар жашыруун бөлмөгө кетишип, чыккандан кийин  баш коргоо чарасын камакта калсын деген чечимди чыгарышты. Ушинтип отурсак, мектептерди жабып түрмөлордү сала баштайт окшойбуз. Качан соттор адилет чечим чыгарып, прокурорлор адилет көзөмөл кылып, а милициялар тергөөнү сапаттуу  жүргүзө баштайт?

        P.S. 58 миң сом эптеп мал багуу менен тапкан акчасын кайтарам, деп камалган Уландын жана жанындагы досунун тагдырын ким ойлойт???

        Мындан кийин сиздерге бирөө акча карыз болсо, ал кишини машинага салып милицияга кармап  алып барсаңар,  кайра өзүңөргө  адам уурдоо боюнча кылмыш ишин козгоп коюшу мүмкүн. Ачуу чындык мына ушундай!