Моралдык зыянды толоп беруу жонундо иш сотто каралууга канча убакыт керек?

добавлен 19 декабря 2017 11:39
просмотров 2299

 

 

Коомдук кабылдамага Ат-Башы районунун тургуну  Чоробеков Марланбек кайрылды. Анын айтымында Ат-Башы районунун  Баш-Кайынды айылынын  тургундары  К. Кадыров   менен Д. Жумаков 2015-жылдын 20-августунда   «Айкын саясат»  гезитине «Карапайым калкты кактаган коррупционерлердин  кызматта отурууга  акысы барбы?» деген аталыштагы макаласы чыгып,  учурдагы Токтогул районунун прокурору жана ушул эле облустук  прокуратурасынын  болумунун  башчысы болуп иштеген М. Чоробековго байланыштуу болгон.  Макалада корсотулгон фактылар эч нерсе менен далилденбейт:  укук коргоо органдарында эч кандай укук бузу фактылары катталган эмес, сотко бул жонундо иш тушкон эмес. Ошол себептен ушул макала  М. Чоробековдун  ар-намысына, иш репутациясына, шек келтиргендиктен  М. Чоробеков сотко адамдын ар-намысына, беделин жана иш репутациясын коргоо жана келтирилген моралдык зыянды ондуруу жонундо доо арыз менен К. Кадыровго жана    Д. Жумаковго кайрылат. Доо арызда К. Кадыровдон  1000000 сом  Д. Жумаковдон  1000000 сом моралдык компенсацияны толоп берууну сураган.

Ат-Башы районунун  судьясы Арзыкулова Г. А. берилген доо арызды карап 2015-жылдын 27-ноябрында  чечим чыгарат. Ал  соттук чечим боюнча доо арыз жарым-жартылай канаттандырылып,  доогер М. Чоробековдун пайдасына моралдык зыян келтиргендиги учун жоопкер   Жумаков Дуйшонкулдан 30 000 сом ондурулсун,  жоопкер Кадыров Кубанычбектен 30 000 сом ондурулсун деп чечим чыгат (чечим) .

2016-жылдын 21-январында  Ат-Башы районунун 2015-жылдын 27-ноябрында  чыккан чечимге  доогер жана жоопкерден тушкон апелляциялык арызды Нарын облустук соттунун жарандык иштер боюнча  коллегиясы  курамында: торагалык кылучуу   Байышов М. Б., судьялар: Сарымсаков У. Ж.,  Ташмамбетов Т.Т. карап биринчи инстанциянын чечимин  кучундо калтырылган ( аныктама).

2016-жылдын 19-майында  Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясы  курамында торагалык кылуучу  Уметалиева Г. Д., судьялар: Батыралиев Б.Б., Исакова Ж. М. козомол даттанууну карап, биринчи жана экинчи инстанциялардын чечимдерин жокко чыгарып, иш жаны кароого Ат-Башы райондук сотуна жиберилген (токтом).

2016-жылдын 12-декабрында Кочкор райондук сотунун судьясы  Султаналиев М. К.  доо арызды жарым-жартылай канаттандырып жоопкерлерден  30 000 сомдон доогердин пайдасына ондурулуп берилсин деп чечим чыгарат (чечим).

2017-жылдын 19-июнунда Ысык-Кол облустук сотунун жарандык иштер боюнча соттук  коллегиясы курамында торагалык кылуучу Алиева  Г. С., судьялар: Рыскулова А. Б., Жаныбеков М. Ж.  2017-жылдын 12-декабрында чыккан чечимге берилген апелляциялык арыз боюнча ишти карап биринчи инстанциянын чечимин кучундо калтырды (аныктама).  

2017-жылдын 23 ноябрында    Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясы  курамында торагалык кылуучу  Уметалиева Г. Д., судьялар: Батыралиев Б.Б., Жумагулов П. томонку инстанциялардын чечимдерин жокко чыгарып ишти экинчи жолу жаны кароого биринчи инстанциянын сотуна жиберген.  

P.S.  Кыргыз Республикасынын Жогорку соту ушундай жонокой ишке чекит койбой  жатканы,   коптогон суроолорду жаратат. Кимдир-бироонун кызыкчылыгы барбы?