Талас шаардык сотунда Талас шаардык Мэриясынан материалдык жана моралдык чыгым ондуруу жонундо иш каралды

добавлен 18 сентября 2017 16:36
просмотров 1347

 

 

Судья А. Турусбековдун 2017- жылдын 15- сентябрь күнү карала турган иштердин тизмеси коридордо маалыматтык тактада илинген. Талас шаардык Мэриясынан материалдык жана моралдык чыгым өндүрүү иши тизме боюнча саат 15:00 го коюлуп, өз убагында башталды. Байкоочунун сот процессине мониторинг жасоосуна тоскоолдуктар болгон жок.

               Төрагалык кылуучу сот отурумун ачык деп жана эмне иш каралаарын жариялады. Катчынын сот отурумуна келгендер боюнча берген докладынан доогер жана Мэриянын өкүлү (юристи) келбегени маалым болду. Доогердин өкүлү жана муниципалдык иш кананын өкүлү доогер жана жоопкер тараптардын келбегенинин жүйлөлүү себептерин түшүндүрүштү. Андан кийин судья сот отурумун курамын жариялап, укук- милдеттерин түшүндүрдү. Төрагалык кылуучу катышуучулардан: “Доогер менен жоопкер тараптын катышуусу жок ишти кароону уланта берелиби?” деп сурады. Доогердин өкүлү ишти кароону уланта берүү өтүнүчүн келтирди. Судья өз ордунда кеңешип улантуу чечимин айтты. Күбө катары чакыртылган Талас шаардык Мэриясынын мурунку 1- вице Мэрин өздүгүн тактап иш боюнча сурашты. Муниципалдык башкаруунун өкүлү ишке тиешелүү материалдарды судьяга бергенде, судья “копия верна” деп заверение кылып келмейинче ала албайм деп кайтарып берди. Акырында төрагалык кылуучу кийинки сот отурумун 28- сентябрь саат 14:00 го жылдырды.