Талас райондук сотунда эки жазык иш мамлекеттик айыптоочунун келбегенине байланыштуу жылдырылды

добавлен 15 августа 2017 15:19
просмотров 1352

 

 

Бүгүн 2017-жылдын 11-август күнү Талас райондук сотунда жазык иштердин каралуусу саат 14:00 жана 15:00 го коюлуп, тизме илинген. Бул жазык иштерди  Талас райондук сотунун судьясы Н. Калматов карады. Сот отурумдар өз убагында башталды. Байкоочу сот залына эркин, тоскоолдуксуз кирип, байкоо жүргүздү. Саат 14:00 го коюлган ишти кароодо судья сот отурумун ачык деп жарыялап, эмне иш каралып жатканы жөнундө маалымат берди. Катчыдан сот отурумуна катышып жаткандардан келген тараптарды тактады. Бул сот иши көптөн бери  каралып жаткандыктан, тараптардын өздүктөрүн тактаган жок. Отурумга соттолуучу тарап жана жактоочусу келди. Жабырлануучу тарап белгисиз себептер менен катышышкан жок. Мамлекеттик айыптоочу  коллегияда экендигин билдирип, сот жыйынына келген жок. Судья сот отурумунун мөөнөтүн 17-августка жылдырды. Саат 15:00 го коюлган экинчи сот иши деле ошондой болду, иш дагы мамлекеттик айыптоочунун келбегенине байланыштуу жылдырылды.