Баткен райондук сотуна мониторинг

добавлен 29 мая 2017 17:51
просмотров 1424

 

 

2017-жылдын 26-май куну Баткен райондук сотуна байкоо жургузулду. Каралуучу иштердин тизмеси илинген. 

Байкоочу сот залына эркин кирип, судья А. Эгембердиеванын торагалыгындагы жарандык ишке катышты. Саат 15:00 го белгиленген сот отуруму оз убагында башталды. Судья А. Эгембердиева,  2022 Аскер болугунун доо арызынын негизинде «Жоопая чек ара постунан башка турак жай бербестен чыгаруу жонундо» жарандык иш каралып жатканын жарыялап, сот процессинин катышуучуларын тааныштырууну катчыдан сурады. 2022 чек ара аскер болугунун юристи, жоопкердин мыйзамду окулу, госрегистдин окулу келди, Дара айыл окмотунон  келген жок. Укук милдеттер тушундурулду, ишти кароого ишеним корсотулду. Жоопкердин мыйзамдуу окулу «талаш предмет жок, ондуруштон токтотуу жонундо» отунуч келтирди. Торагалык кылуучу отунуч боюнча чечим кабыл алуу учун озунчо болмого болунду, бир аздан кийин келип, КРнын ЖПКнын 167, 225, 226 –беренелерин колдонуп, отунуч канааттандыруусуз калтырылды, сот процесси улантылат деп билдирди. Соттук териштируу учурунда судья доогерден сотко чейинки кыймыл-аракеттер жургузулуп, госрегистр, архитектура менен тактап, талаш жерди жоопкер ээлеп жатканын корсоткон далилдерди келтириш керектигин тушундурду. Сот отуруму   2017, 9-июнь саат16:00 го  калтырылды.