Бакай- Ата райондук сотунун судьясы Б. Ш. Турсункуловдун ишине байкоо жургузулду

добавлен 19 мая 2017 12:21
просмотров 1200

 

 

2017- жылдын 18- май күнү Бакай – Ата райондук сотунун судьясы Б. Ш. Турсункуловдун саат 11:00 го Кыргыз Республикасынын Кылмыш-Жаза Кодексинин 104-беренесинин 4-бөлүмү боюнча кылмыш иши коюлган. Бирок бул иш конвойдун кечиккенине байланыштуу 40 мүнөткө кеч башталды. Коридордо, жарандык иштердин тизмеси гана илинген, кылмыш жаза иштеринин тизмеси жок.

Судья сот отурумун ачык деп жана эмне иш каралаарын жарыялады. Андан кийин катчыдан сот отурумга келгендер боюнча маалымат алып, соттолуучунун өздүгүн тактады. Судья сот отурумунун курамы менен таныштырып  “сот курамына ишенесиздерби?”-  деп катышуучулардан сурады. Андан кийин судья катышуучулардын укук-милдеттерин түшүндүрдү. Судья катышуучулардан өтүнүчтөрүн сурап, сөздү мамлекеттик айыптоочуга берди. Төрага териштирүүнү баштай берели деп соттолуучунун жана жабырлануучунун мыйзамдуу өкүлдөрүнөн  сурады. Мамлекеттик айыптоочу күбөлөрдү суроо зарылдыгын белгилеп, жана алардын катышуусун камсыздоону мойнуна алып, ишти кароону саат 14:30 га чейин тыныгуу кылууну судьядан өтүндү. Тыныгуу саат 15:50 гө чейин уланды, төрага мамлекеттик айыптоочу камсыз кылган күбөлөрдү иш боюнча сурап, суроо-жооптор болду. Судья “тергөө учурунда күбө катары өткөн эки адамдын көрсөтмөлөрүн жарыялоого каршы эмесиздерби?”-деп сурап андан кийин көрсөтмөлөдү жарыялады. Андан кийин соттолуучунун жактоочусу эки күбөнү сотко чакыртып, аларды суроону өтүнүч катары келтирди. Судья өз ордунда жактоочунун өтүнүчүн канаатандырып, ишти 2017- жылдын 19- майына саат 09:30 га жылдырды.