Кара- Буура райондук сотунда байкоо жургузуу

добавлен 16 мая 2017 10:44
просмотров 1115

 

 

Судья У. Т. Ташматовдун 2017- жылдын 15- майындагы юридикалык фактыны аныктоо боюнча жарандык ишине байкоо жүрдү. Имаратта оңдоо иштери бүтө электигине байланыштуу каралуучу иштердин тизмеси илинген эмес жана сот отуруму судьянын бөлмөсүндө өтүү. Катчынын айтымы боюнча юридикалык фактыны аныктоо ишин кароо саат 15:30 га коюлуп, арыз ээсинин кечиккенине байланыштуу 15 мүнөт кеч башталган. Судья байкоочудан ким экенин сурады, байкоочу сот отурумуна угуучу катары киргендигин угуп ишти кароону улантты. Андан кийин сот отурумун ачык деп жарыялап, бул ишти карап баштап койгонуна байланыштуу териштирүүнү улантаарын айтты. “Катчы өзгөргөнүнө каршы эмессиздерби?”- деп катышуучулардан сурады. Өткөн сот отурумунда ишке тиешелүү документтердин түп нускасын алып келүү белгиленгенин айтып, арыз ээсинен документтердин түп нускаларын алып таанышып ишке тиркеди. Андан кийин:- “Күбөлөр жок болсо жарыш сөзгө өтөлү,”- деп арыз ээсине жана анын өкүлүнө сөз берди. Аягында катышуучулардын репликаларын сурап, судья кеңешүү бөлмөсүндө калып, катышуучулар чыгып турду. Көп өтпөй катчы аркылуу катышуучуларды чакыртып чечимди окуду