Талас облустук сотуна байкоо жургузуу 12.05.2017ж.

добавлен 13 мая 2017 09:17
просмотров 1141

 

 

Талас облустук сотунун кылмыш жаза жана административдик укук бузуулар жөнүндөгу иштери боюнча соттук коллегиясынын ишине байкоо жүргүзүлдү.

2017—жылдын 12 майында КР КЖК  278 беренеси  боюнча каcсациалык ишти кароосуна байкоо жүргүзүлдү. График боюнча бул ишти кароо саат 15:00 го коюлган, бирок сот отурумунун коллегиясы 15:10  сот залына кирип кароо башталды. Сот коллегиясынын курамы: сот отурумунун төрагасы Ибраимов М. И., судялар Тункатаров О. А., Абдиева З. М.

Байкоочу сот залына тоскоолдуксуз кирди. Төрага биринчи эле катчыдан кимдер келгени тууралу маалылмат сурады. Андан кийин төрага “ишти кароодо эмнеден токтолдук эле?”деп сурады. Прокурор менен соттолуучунун жактоочусу алмашкандыгы белгилүү болгондон кийин, төрага ишти башынан карап баштады. Соттук курамды тааныштырып, катышуучулардан “соттук коллегияга ишеним көргөзөсүздөрбү?”,- деп сурады. Андан кийин соттолуучулардын укук милдеттерин түшүндүрүп бүтүп, иштин маңызын байандоону судья О. А. Тункатаровго тапшырды. Төрага ишти баштайбыз деп, сөздү 1- соттолуучуга берди. Судьялар, прокурор, жактоочулар 1- соттолуучуга суроолорун берип жоопторун алышты. Андан сөң 1- соттолуучунун жактоочусу спутник аркылуу тартылган далилдерди ишке тиркөө өтүнүчүн сотко берди. Андан кийин төрага 2- соттолуучуну трибунага чакырып иш боюнча суроолорун беришип жоопторун алышты. Жаратылышты коргоо департаментинин окулу залда олтурган адамды күбө катары сураса ишке тиешелүү маалыматтар чыгаарын айтканда 1 – соттолуучунун жактоочусу жана төрага иштин башынан бери залда олтурганына байланыштуу көрсөтүлгөн адам күбө катары өтө албайт дешти. Андан кийин 1- соттолуучунун жактоочусу соттук коллегияга далил катары келтирилген сүрөттөрдүн даталары ар башка болгонун айтып экспертиза жүргүзүү өтүнүчүн келтирди. Прокурор да соттолуучулардын телефон аркылуу сүйлөшүүлөрүнүн басып чыгаруу керектигин белгилегенден кийин соттук коллегия кеңешүу бөлмөсүнө чыкты. Аз убакыттын ичинде кайра киришип өтүнүчтөрдү эске алуу менен кийинки соттук отурумду 19 май саат 14:00 го белгилешти.