Талас облустук сотуна байкоо жургузуу уланууда

добавлен 03 мая 2017 17:28
просмотров 1381

 

 

Талас облустук сотунун кылмыш жаза иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштери боюнча соттук коллегиясынын Административдик кодесинин 364- беренеси боюнча ишти кароосуна байкоо жүргүзүлдү. Сот отурумунун курамы: төрайымы Абдиева З. М., судьялар М. И. Боромбаев, К. К. Эстебесов.

Илинген каралуучу иштердин графигине ылайык процесс 2 май саат 10:00 до башталмак. Бирок катышуучулардын кечиккенине байланыштуу 30 мүнөт кеч башталды. Төрайым сот отурумун ачык деп жарыялабастан, катчыдан кимдер келгенин сурады. Андан кийин бул ишти карап баштап койгонун айтып, улантуу боюнча прокурордун оюн сураганда, ал бул процесске биринчи жолу катышып жатканын айтты. Прокурордун сөзүнөн кийин төрайым эмне иш каралаарын жарыялап, иштин маңызы боюнча баяндама берди. Укук бузуучулардан төрайым, прокурор жана судья М. И. Боромбаев  ишке тиешелүү суроолорун берип, жооп алышты. Укук бузуучулар иш боюнча участковый түзгөн протокол бир тараптуу түзүлүп көп нерсе кирбей калганын белгилешти. Төрайым прокурордон оюн айтуусун сураганда прокурор 1- соттун токтому туура чыккан деп айтты. Төрайым сот коллегиясы өз ордунда кеңешүүгө калаарын айтып, катышуучулардын чыгып турусун сурады. Көп өтпөй катчы аркылуу катышуучуларды чакыртып,  төрайым ишти жаңыртарын айтып, укук бузуучуларга кийинки сот отурумуна күбөлөрүн алып келүүсүн айтты жана протоколду түзгөн участковыйга повестка жибергиле деп буйруду. 

P.S.  Бул макала   ондолуп илинди, себеби: Талас облустук сотунун пресс-катчысы  соттук коллегиянын аталышы   туура  эмес   жазылганын жана төрагалык кылычу судья  Абдиева З. М. ордуна Калиева К. Д. аты-жөнү алмашып жазылып калганын айтты. Ошондой эле байкоо жүргүзүлгөн күндүн датасы жоктугун билдирди.