Туп райондук сотуна байкоо жургузуу

добавлен 11 апреля 2017 14:14
просмотров 1146

 

 

Ысык-Көл облусунун Түп райондук сотунун штаттык курамы үч судьядан турат: Мамытов К.Р.(төрага), Абдивалиев А. жана Астаев Б.А. Үч судья тен 2016-жылдын август айынан  баштап Түп райондук соттунда иштешет,  судьялык иш тажрыйбасы жок. Айтылган сотто  чоң өзгөрүүлөр бар экен. Соттун имаратынын тегереги жаңы курчалып, кире бериш жерине брусчатка төшөө иштери жүргүзүлүп жатканына күбөө болдук. Имараттын ичи, сырты капиталдык ремонттон өтүп жатыптыр, толугу менен бүтө элек. Ремонт иштери бүтө элек жатып  кээ бир жерлерде,  полго салынган паркеттер ажырап жаткандыгын да байкадык. Компьютерлер интернет булагына кошулган.

Байкоочу 2017-жылдын 6 - апрелинде  эртен менен саат 9.45те барганда сотто Туп райондук сотунун төрагасы Мамытов К.Р. жумуш ордунда жок экен (окууга кеткен деген маалымат алдык).

Судья А.Абдивалиевтин соттук отурумдардын тизмесине ылайык 2017-жылдын 6-апрелине соттук отурумдар коюлган эмес.  Отурумдардын тизмеси  ремонтко байланыштуу  судьянын кабинеттинин  сыртында илинген. Ал эми башка судьялардын соттук  отурумдардын тизмелери илинген эмес. Төраганын милдеттин аткаруучу судья Астаев Б.А. белгисиз себептер менен жумуш ордунда саат 11.15 ке чейин жок болду. Бирок бүгүнкү күнгө саат 10.00го аталык укугунан ажыратуу жөнүндөгү жарандык иш коюлуптур. Саат 10.00го доогер келип,  аталган соттук отурум убагында каралганы же которулганы белгисиз бойдон калды.

Ушул эле судьянын кароосунда саат 14.00го дайындалган кылмыш ишине байкоо жүргүзүлдү. Соттук отурумга катышуу үчүн байкоочу судьядан уруксат сурады. Судья байкоочудан кайдан келгендигин, ким экенин аты-жөнүн тактап сурап анан макулдугун берди. Соттук отурум сот залында болуп, убагында ачылды, төрагалык кылуучу кайсы кылмыш иш каралып жаткандыгын жарыялады, катчы соттук отурумга ким келгенин жана келбегендигин айтты. Мамлекеттик айыптоочунун келбегендигине байланыштуу 2017-жылдын  12-апрелине которулду.