Талас облусунун Талас шаардык сотуна байкоо жургузуу уланууда

добавлен 31 марта 2017 16:32
просмотров 1212

 

 

2017- жылдын 22- марттында Талас шаардык сотунун судьясы Д. С. Суйналиевдин жарандык ишти кароосуна байкоо жүргүзүлдү. Соттук отурумдардын тизмеси 2017-жылдын 17-мартына чейинкиси илинген. Судьянын катчысы сот отурум  саат 14:00 го белгиленгендигин билдирди.

Соттук териштирүү сот залында саат 14:10до башталып, байкоочуга тоскоолдуктар болгон жок. Судья соттук процессти ачык деп жарыялап, доогердин өкүлүнөн кыргыз тилинде алып барууга макулдугун сурады. Андан кийин кайсыл иш каралаарын айтты. Судья бул иш мурун каралганына байланыштуу тараптардын укук-милдеттери менен тааныштыруунун кажети барбы? деп сураганда, тараптар жок деп жооп беришти. Судья иш боюнча тиркелген документтердин түп нускасын доогердин өкүлүнөн сурады. Доогердин өкүлү документтердин түп нускалары архивде экенин айтып, судьянын уруксаты менен архивден ишке тиешелүү документтердин түп нускаларын алдырууну өтүндү.  Судья күбө катары келгендерди сыртка чыгып турууну өтүндү, бирден чакыртып өздүктөрүн паспорт жана ооз эки тактап, милдеттери менен тааныштырып, ишке тиешелүү суроолорун берди. Күбөлөрдү сурап бүтүп, катчыдан каралуучу иштердин тизмесин алып карап, доогердин өкүлүнө ыңгайлулугун эске алып кийинки отурумду 2017- жылдын 5- апрелине саат 14:00 го белгиледи. Кийинки отурумга мэриянын өкүлүн да чакыртууну буйруп, соттук отурумду жабык деп жарыялады.