Баткен райондук сотуна байкоо жургузу.

добавлен 24 февраля 2017 16:31
просмотров 907

 

 

       Баткен райондук сотунун имараты жаны салынып, 2016-жылы ишке берилген. Айланасы тосулган, дарбазадан киргенде эле күзөт бөлүмү жайгашкан, сотко келгендерди атайын журналга каттап турат. Кабинет жетиштүү, таза, эмеректер менен жабдылган, жана ошондой эле жашы жете электер үчүн  да бөлмөсө каралган. Кылмыш иштерди кароо үчүн чон зал жана жарандык иштер үчүн кичи залдар бар. Коридордо керектүү маалыматтар жана сот отурумдарын кароо тизмесин илчү стенд жаныланган жана сот отурумдарынын тизмеси бир жума алдыга илинген.

      2017-жылдын 21-февралында саат 14:00до жаңы шайланган судья Р.Оморовдун төрагалыгында кылмыш иши каралды. Сот отуруму тараптардын жана мамлекеттик айыптоочунун кечигип келгендигине байланыштуу саат 14:35те башталды. Судья кандай иш каралып жаткандыгын жарыялап, процесстин катышуучуларын аныктап, өтүнүчтөрдү сурады жана укук милдеттерин түшүндүрдү. Иш боюнча соттук териштирүү жүрүп, беш күбөнүн ичинен эки күбө суралды. Күбөлөрдүн үчөө келбегендиктен жактоочу күбөлөр толук суралмайынча ишти токтотуп турууну сурады. Жыйынтыгында сот отуруму 2017- жылдын 2-марттына  саат 11:00 калтырылды.

   Ушул күнү саат 15:00го коюлган судья Р.Оморовдун кароосундагы жарандык иш да өз убагында башталган жок, себеби тараптар кечигип келди. Доогер Баткен областык администрациясы, жоопкер А.Мусаев ортосундагы турак жайдан чыгаруу маселеси каралды. А.Мусаев областык администрацияда иштеп турган убакта, келишим менен администрациянын карамагындагы кызматтык үйдү пайдаланып, үй-бүлөөсү менен жашап келген. Азыркы учурда Баткен областык администрацияда иштебейт. Соттук териштирүүдө жарыш сөз  болуп, судья чечим кабыл алуу үчүн өз кабинеттине кетти. КР ЖПКнын 197, 201,205 беренелери менен башка турак-жай бербестен турак жайды бошотуп берүүсүнө соттук акт чыгарды.