Бир бирине карама каршы келген сот чечимдерин чыгарган судьялар жоопко тартылабы?

добавлен 15 июня 2016 13:18
просмотров 1701

 

 

Сот реформасын козомолдо боюнча  Жарандык кенештин коомдук кабылдамасына Иссык- Кол областынын Ак Суу районуна карашту Уч Кайнар айылынын тургуну Канаев Марс мырза кайрылган. Ал Теплоключенка айыл аймагындагы мурунку Совет доорундагы Ак Суу районунун техникалык тейлоо станциясынын имаратын сатып алат (Совет доорунда ошол мекеме салынсын, жана ал нерсеге канча жер болунуп берилсин деген документ бул жерде).

Кандай бир себептер менен (коррупция десек кийин коррупцияны далилде, деп доо коюшу мумкун) сатып алуу келишиминде айтылып жаткан имарат кана жазылып калат, а ага таандык 1,2 га жер корсотулунбой калган. Канаев Марс бул имаратты сатып алам деп жатканда, ал ушул жерге айыл чарба техника жагынан элге кызмат корсоту жана уроончулук чарба ачууну пландаштырган. Бирок жанагы 1,2 га жерди айыл окмот менчиктеп, башка кишиге 0,6 га сатып жиберген, дагы 0,6 га жерге айыл окмот ээлик кылып алган.

Бугунку кундо, Жогорку сотко чейин эки  соттук териштируу болуп отту.

1.       Жер кимге таандык деген  доо арыздын негизинде 2013 жылдан баштап, маселени Ысык Кол районаралык сот карап чыккан, аягында КР Жогорку соттунда 17.09.2015 жылы соттук коллегия: торага Акматов Б., соттор Арапбаев Н. жана Жумашов К. тарабынан бул жер Айыл аймагына эч кандай тиешеси жок, деп табылган (соттук чечим бул жерде).

2.       Кийин бул жердин 0,6 га тилкесин АО аркылуу сатылып кеткендигине байланыштуу, кайра сотко кайрылып ошол сатып алуу келишимди жокко чыгарууга мажбур болгон. Сот териштируу 2015 жылдын май айынан башталып 2016 жылы 11 январь куну КР Жогорку сотто акыркы чечим кабыл алынды. Соттук коллегия курамында: торага Мухамеджанов А. соттор: Осмоналиев К. жана Акматов Б. чечиминде бул сатып алуу келишими мыйзамдуу деп таап беришти (соттук чечим бул жерде).

 

Ошондо биринчи териштируу боюнча жер айыл окмотко таандык эмес десе, экинчи ирээт айыл окмот туура саткан деп жатышпайбы. Карап корсонор Жогорку соттун соттук курамдарын. Биринчи соттук териштируудо торагалык кылган Акматов Б. экинчисинде дагы катышкан, бирок бир эле маселеге, эки бир бирине карама каршы келген чечимди кантип чыгарганга жол берип, колун койду?

 

Дагы айтып кете турган нерсе бул аппеляциялык сот инстанциясынын чечимдери жонундо.

 

1.       Биринчи жер кимге таандык деген маселе боюнча 5.02.2015 жылы Ысык Кол обастык сот: торага Молдакунов А., судьялар: Алиева Г. жана Шерипов У. курамында, бул жер айыл окмотко таандык эмес деген чечим чыгарып беришкен (соттук чечим бул жерде).

2.       Сатып алуу  келишим боюнча 20.08.2015 жылы Ысык Кол обастык сот: торага Молдакунов А., судьялар: Алиева Г. жана Досманбетов А. курамында,  сатып алуу келишим  деген чечимин чыгарып беришти (соттук чечим бул жерде).

 

Бул жерден соттук курамдарды байкап корсок Молдакунов А. жана Алиева Г. деген судьялар эки ирээт соттук териштирууго катышып, бир эле маселе боюнча бир бирине карама каршы болгон чечимдерди чыгарып беришкен. Биринчи жер тилкеси айыл аймагына тиешеси жок, деп. Кийинирээк айыл окмот ошол жерди сатып жибергенин жана сатуу келишимин мыйзамдуу деп, табып беришкен.

 

Ушундай жагдайда, жогорку соттун чечимдери акыркы, даттанууга жатпайт дегенде бул мулкту сатып алган адам ЭМНЕ кылышы керек?

 

  1. .S.   Ушундай бир бирине карама каршы келген сот чечимдери чыгарылып жатканда, сотторго кантип ишенимди кайтара алабыз?