Мамлекеттин кызыкчылыгын коргогондор болобу?

добавлен 06 июня 2016 15:27
просмотров 1723

 

 

2016 жылдын 31 майында Бишкекте мамлекеттин башкаруусундагы жер фондторун коргоо маселеси боюнча тегерек стол болуп өттү. Бул жыйынга мамлекеттик жана жергиликтүү өзалдынча башкаруунун өкулдөрү, мамлекеттик эмес уюмдар жана жер маселеси боюнча серепчилер чакырылган. Чакырылган прокуратура  органдарынын өкулдөрү кандай бир себептерден келген жок.

Тегерек столго катышкандарга акыркы мезгилде  айыл жерлеринде кездешип жаткан көйгөйлөр көтөрүлдү, анын ичинен АЖМФнын жана жайыттардын жерлерин пайдалануудагы мыйзам бузуулар талкууланды. Катышуучуларга Ысык-Көл жана Нарын областарынын айыл аймактарындагы бир нече мисалдар сунушталды. Ошонун ичинен Ысык-Көл областынын Тон району Көк-Мойнок айыл аймагындагы жайыт жерлеринин пайдалануудагы көйгөйлөр өтө кызыкчылык жаратып, катышуучулардын арасында көптөгөн суроолорду жаратты.

Иштин маӊызы: Көк Мойнок айылдык аймагынын карамагында жалпы 68552 га жайыт жери бар. 2012 – 2014 жылдары 440,02 га жайыт жерлери КР жер кодексинин 13 статьясынын жана КР Өкмөтүнүн 2008 жылдын 17 июнундагы № 306 Токтому менен бекитилген «Асылдуулугу төмөн айыл чарба жерлерин өздөштүрүүгө жана айыл чарба өндүрүшүн жүргүзүүгө берүүнүн тартиби жөнүндөгү» жобосунун негизине таянып 7 жылга өздөштүрүгө берилген. Жогорудагы аталып кеткен Көк Мойнок айыл аймагынын кабыл алынган токтомдору жер мыйзамдардын талабына жооп бербейт жана жер мыйзамдардын талаптарын одоно бузу менен кабыл алынган токтомдор.

Тегерек столдүн катышуучулары кийинки суролорду берип жооп издегенде аттанышты:

1.       Мамлекеттин жерлерге кайсы орган  ыйгарым укукка ээ;

2.       Жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары жайытты башкарууда кандай укука ээ;

3.       Жер маселеси чыр - чатака айланса мамлекеттин кызыкчылыгын ким коргош керек;

4.       Азыр Көк Мойнок айыл аймагындагы жайыт жерлерди өздөштүрүүгө алган жарандар, өздөштүрүү мөөнөтү буткөндөн кийин бул жерлер башка  категорияга которулабы;

5.       Бул мыйзамсыз чыгарылган Токтомдор сот тарабынан туура каралып чечилеби же Кыргызстанда мыйзамдуулук орнобой мамлекеттин жерлери таланды болуп кете береби.

Ушул айылдын тажрыйбасынан кандай жыйынтык чыгарсак болот:

1.Талкуунун негизинде мамлекеттин кызыкчылыгын  жер маселелери боюнча райондук мамлекеттик администрация – акимчилик, коргоого ыйгарым укукка ээ болгон орган болуп чыкты.

2.Жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары «жайыт жөнүндө мыйзамына» ылайык өз ыйгарым укуктарын айылдык жайыт комитетине өткөрүп беришкен. Демек, айылдагы жайыт маселелерин жайыт комитети карайт, чечет, көзөмөлгө алат. Жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары жыл сайын жайыт комитеттен жайытты кандай пайдаланып жанткандыгы туралуу айылдык кеӊеште 1 жылда бир жолу маалымат алат жана жайыттын тарифин бекитет. Жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары аткаруу бийлигинин башчысы – айыл өкмөтүнүн башчысы өз кызмат орду боюнча жайыт комитетинин мүчөсү  кана боло алат.

3. Мамлекеттик менчиктеги жер маселелери боюнча соттук териштирүүдө доогер, кызыктар тарап жана жоопкер катары мамлекеттик органдар эсептелинет. Мамлекеттин кызыкчылыгын сотто Акимчилик, мамлекеттик катто жана айыл чарба министрлигинин райондук агрардык департаменти коргош керек. Жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары ушундай иштер боюнча соттук териштирүүдө доогер жана жоопкер тарап боло албайт, кызыктар тарап катары кана катыша алат;

4. Бул жерлерди өздөштүргөн жарандар өздөштүрүү мыйзамсыз болгонуна байланышту (2009 жылдын 6 февралында күчүнө кирген Жайыттар жөнүндө мыйзамдын 3 беренесинде, жайыттар КР менчигинде кана турарын  жана 15 беренесинде жайыттар ижарага жана субижарага берилбегенин эске алып), ишти улантуу керек. Жайыт жерлер  мамлекеттин менчиги болгондуктан ал башка жеке же муниципалдык менчикке  өтүү жолу жок.

5. Бул Көк Мойнок айыл аймагынын жайыт жерлери өздөштүрүүгө  берилип кеткендиги боюнча фактылар Ысык-Көл обласынын район аралык сотунда судья Даркимбаев Т. К. жагынан каралган чечимди жана Ысык Көл облустук сотунун судьялар курамында: Модакунов А. К., Шерипов У. Т. жана Алиева Г. С. жагынан каралган чечими Жогорку соттон 2016 жылдын 12 апрелинде жокко чыксын деп табылган. Жогорку соттун судьялары: Акматов Б. Д., Боронбаева Д. С. жана Джумашев К. О. тарабынан каралып, КР мыйзамдарын эске алып  Көк Мойнок айыл өкмөтүнүн жайыттарды өздөштүрүүгө берүүгө ыйгарым укугу болгон эместигин баса белгилеп, кайра ишти жаӊыдан кароого Ысык Көл  облусунун райондор аралык сотуна жиберишкен.

  1. .S.  Урматтуу окурмандар, бул Көк Мойноктогу маселе силердин дагы айылынарда кездешиши мүмкүн, ушул жагдай сиздерде кандай чечилип жатат. Мыйзамды так билбестиктен көп деген айыл өкмөттүн жетекчилери мыйзам чегинде жоопко тартылып «чыркырап» жүрүшөт. Мыйзамды билбей алданып жерди  өздөштүрүүгө алып алган ишкер адамдардын убал сообуна  ким жооп берет? Сиздерден ой пикирлеринерди күтөбүз.