Талас облустук соту жазык ишин кайра тергоого жиберди.

добавлен 02 июля 2014 14:45
просмотров 859

 

 

2014-жылдын 28-майында Талас облустук сотунун жазык жана административдик укук бузуулар жонундогу иштери боюнча соттук коллегиясы, курамында; торагалык кылуучу Абдиева З.М., судьялар Омуралиев Б.С., Жамангулов Ж.Ж. катышуучулары менен ачык соттук отурумда Талас райондук сотунун 2014-жылдын 11-апрелиндеги окумуно карата Талас райондук прокурорунун орун басары тарабынан келтирилген аппеляциялык сунушунун негизинде жазык иши каралды. Бул жонундо биз мурунку статьябызда жазганбыз.

Соттолуучу Р. Адыракаев Кыргыз Республикасынын КЖКнин 299-1 ст. 4-б., 299-2 ст. 2-б. 5 п., 338 ст. боюнча кылмышты жасоого катышуусу далилденбегендиктен акталган.

Соттук кароодо иштин материалдарды толук жана ар тараптуу каралбаган. Башкача айтканда, соттук отурумунун катышуучуларынын корсотмолоруно тийиштуу баа берилбей, жазык иши боюнча олуттуу мааниге ээ болушу мумкун болгон жагдайлар аныкталбаган жана иштин материалдарындагы далилдердин жыйындысы изилденбеген. Соттук коллегия ишти карап чыгып, Талас райондук сотунун 2014-жылдын 11-апрелиндеги Адыракаев Расул Айтбековичке карата окуму бузулуп, жазык иши кайра тергоонун оксукторун жою учун козомол кылган Талас облустук прокуроруна жиберилсин жана богот коюу чарасы озгортулуусуз камак бойдон калтырылсын деп аныктама чыгарды.