Нарында, сот системасын козомолдоо боюнча мониторингдин жыйынтыгы чыгарылды

добавлен 30 мая 2014 16:37
просмотров 1512

 

 

28-майда Нарын шаарында “Нарын облусунун жергиликтүү сотторунда сот өндүрүү стандартын сактоо” деп аталган тегерек стол өттү. Анда Сот системасын көзөмөлдөө боюнча түзүлгөн жарандык кеңештин көзөмөлүнүн жыйынтыгы чыгарылды. Иш чарага катышкан Сот системасын көзөмөлдөө боюнча жарандык кеңештин координатору Рита Карасартованын айтымында алар ар бир облуска бирден өкүл даярдап сот процесстерине өткөн жылдын ноябрь айынан баштап байкоо жүргүздү. “Процессуалдык нормалар сакталып жатабы, кылмыш жаза, жарандык жаза кодекстери боюнча милдеттерин билеби, эмне себептен акыркы бир жыл Нарында сотторго нааразылык күч алып, чыр чатактар болуп жатат, себептери эмне деген анализ жүргүздүк. Максатыбыз тазаланууну, туура жолго түшүүнү өзүбүздөн баштасак, анан сотко бара турган жаран сотко акыйкат издегени баргандай кадам таштаса деп жатабыз,-дейт Р. Карасартова. Ал эми “Пир Соломон” уюмунун жетекчиси жарандык кеңештин Нарындагы өкүлү Эркин Асаналиев 6 ай ичинде жүргөн көз карандысыз байкоонун жыйынтыктары тууралуу маалымат берди. Анын айтуусунда бул убакытта 61 жолу сот отурумуна катышкан. Анда сот отурумдарынын өз убагында башталуусу, процесстеги мөөнөттөрдүн сакталышы, соттук териштирүүнү кийинкиге калтыруунун себептери, соттун жана катышуучулардын коопсуздугу сыяктуу бир катар маселелер байкоого алынган. Байкоонун 57 пайызы Нарын шаардык сотуна, 10 % Нарын облустук сотунда жана Нарын райондук сотунда 30 пайыз бакоо жүргүзүлгөн.

Маалымат: http://www.naryn.kg/