Чуй облустук сотунда кылмыш иши боюнча жарыш соз аяктады.

добавлен 27 мая 2014 14:45
просмотров 1327

 

 

2014-жылдын 27-майында саат 10-30 Чуй облустук кылмыш жана административдик укук бузуу иштерин кароо боюнча соттук коллегиясынын ачык сот отурумунда 2013-жылдын 12-декабрындагы Токмок шаарынын чыгарган өкүмүнө апелляциялык даттануу боюнча иш уланды. Ишти төмөнкү курамдан турган соттук коллегия карады: төрага Джунушпаев К.К. жана Джумагулов А.К., Исаев Н.Р. Сот отуруму 1 саат 15 мүнөткө кечиктирилип башталды.

Соттук коллегия сот отурумун улантууну жарыялап, тараптардын эч кандай доо арызы жоктугун тастыктап соттук жарыш соз жарыялады. Биринчи жарыш соз мамлекеттик айыптоочуга берилди, ал  соттук коллегиядан Аскеев Урматты 15 жылга, Жумашев Алишерди 13 жылга, ал эми Аманбаева Шахиданы 13 жылга эркинен ажыратууну сурады. Андан сон жабырлануучунун окулуно жарыш соз  берилди, ал мамлекеттик айыптоочу менен толук макул экендигин айтып, акыйкат чечим кабыл алуусун сурады. Андан кийин соттолуучулардын адвокаттарына жарыш соз берилди. Адвокаттар коптогон далилдерди корсотушту, ошондой эле, тергоочулор тарабынан тергоо учурунда ар кандай укук бузуулар болгондугун тастыктап, соттолуучулар куноолу эместигин айтып 2013-жылдан 12-декабрындагы Токмок шаарынын соту чыгарган окумун кучундо калтырып, апелляциялык даттанууну каннаатандыруусуз калтырууну суранышты.   Адвокаттарынын жарыш созунон кийин соттолуучуларга соз берилди. Алар оздорунун адвокаттары менен макул экендигин жана оздорунун куноолу эместигин айтып соттук коллегиядан актап беруусун сурашты. Соттук жарыш создон кийин соттук коллегия соттолуучуларга акыркы соз беришти. Соттолуучу Жумашев А. жана Аманбаева Ш. акыркы созун суйлогон сон, соттук коллегия сот отурумун 2014-жылдын 29-майына саат 9-00 калтырды. Кийинки сот отурумунда соттук коллегия акыйкаттуу чечим кабыл алат деп ишенебиз.

 

Сурот «Вечерний Бишкек» сайтынан алынды.