Кылмыш иш боюнча соттук териштируу бутту.

добавлен 20 мая 2014 16:37
просмотров 1622

 

 

2014-жылдын 20-майында саат 11-00 Чуй облустук кылмыш жана административдик укук бузуу иштерин кароо боюнча соттук коллегиясынын ачык сот отурумунда 2013-жылдын 12-декабрындагы Токмок шаарынын чыгарган өкүмүнө аппеляциялык даттануу боюнча иш уланды. Ишти төмөнкү курамдан турган соттук коллегия карады: төрага Джунушпаев К.К. жана Джумагулов А.К., Исаев Н.Р. Сот отуруму 50 мүнөткө кечиктирилип башталды.

Соттук коллегия сот отурумун улантууну жарыялап, сот отурумунун мамлекеттик айыптоочусу  алмашкандыгына байланыштуу соттук коллегиянын курамын айтып, катышуучулардан кошумча доо арызын сурады.

Мурунку сот отурумунда соттолуучу Аманбаева Ш. суралып бүтө элек болчу. Бирок соттолуучунун ден-соолугу аябай оор болгондугуна байланыштуу, конвойдун жардамы менен жетеленип  алынып келинди, андан сырткары сүйлөй албай кекечтенип калган. Аманбаеванын энеси менен адвокаты СИЗОнун начальнигине кайрылышса, СИЗОнун ичиндеги ооруканага жөнөткөн. Оорукананын доктурлары Ш. Аманбаеванын чыныгы ооруганына ишенбей коюшкан. Соттук коллегия соттолуучунун абалын көрүп, сурак кылбай мурунку берген көрсөтмөлөрүн окуп чыгышты, андан соң У.Аскеевди сурак кылышты.

Соттолуучуларды сурап бүткөн соң, иштеги материалдарды териштирүүгө  өттү. Соттук териштирүү бүткөн соң, коллегия соттук жарыш сөз жарыялады. Бирок мамлекеттик айыптоочу соттук жарыш сөзгө даяр эместигин айтып, башка күнгө калтырууну сурады.

Соттук коллегия тараптардын оюн угуп, сот отурумун 2014-жылдын 27-майына саат 10-30 калтырды.