Жогорку Соттун КР ИИМ Академиясынын начальнигинин мурдагы орун басары Р. Амираевке карата чыгарган чечими

добавлен 15 мая 2014 13:04
просмотров 1307

 

 

Бүгүн, 14-майда, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясы жазык ишинин материалдарын изилдеп чыгып, биринчи инстанциядагы соттун чечимин күчүндө калтырды.

Эскерте кетсек:

2013-жылдын 27-декабрындагы Бишкек шаардык сотунун жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясынын чечими менен Амираев Рахмат Убайдуллаевич Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 313-1 беренесинин (Пара алуу) 3-б. 3-п. менен күнөөлүү деп табылып, ага эсептик көрсөткүчтүн жыйырма миң өлчөмүндө айып салуу жазасы белгиленген, ал 2 млн. сомду түзөт.

(Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 313-1 беренесинин 3-б., 3-п. ылайык эсептик көрсөткүчтүн жыйырма миңден отуз миңге чейинки өлчөмүндө айып салынат же мүлкүн конфискациялоо менен жана мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарда кызматтарды ээлөө укугунан ажыратуу менен сегиз жылдан он жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат).

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесинин (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) 2-б. менен Амираевке эсептик көрсөткүчтүн үч миң өлчөмүндө айып салуу жазасы белгиленген, ал 300 000 сомду түзөт.

(Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесинин 2-б. ылайык эсептик көрсөткүчтүн үч миңден төрт миңге чейинки өлчөмүндө айып салынат же болбосо беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат).

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 59-беренесинин негизинде экинчи инстанциянын соттук коллегиясы биротоло эсептик көрсөткүчтүн жыйырма үч миң өлчөмүндө айып салуу жазасын белгиледи. Башкача айтканда, 2 млн. 300 миӊ сом мамлекеттин кирешесине төгүлмөкчү.

2013-жылдын 28-октябрында, Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту Амираевди күнөөлүү деп таап, 11 жылга эркинен ажыратуу менен жазаны күчөтүлгөн тартиптеги түзөтүү абагында өтөөсүн белгилеген.