Жогорку соттук коллегия Чуй облустук сотунун аныктамасын кучундо калтырды.

добавлен 22 апреля 2014 12:23
просмотров 1126

 

 

2014-жылдын 21-апрелинде саат 9-30 Жогорку сотто жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер  боюнча соттук коллегиясы ачык сот отурумунда Чуй облустук сотунун 2014-жылдын 18- мартындагы чыгарылган аныктамасына надзордук даттануу боюнча ишти карады. Ишти төмөнкү курамдан турган соттук коллегия карады: төрага  Турганбеков К. жана Эсенканов К., Акыев А.А. Сот отуруму 1 саат 20 мүнөткө кечиктирилип башталды.

Аныктамада  бул ишти Чуй облустук сотунда каралып жаткан учурда, жабырлануучунун мыйзамдуу өкүлү соттук коллегиянын курамына баш тартууну жарыялаган.

Сот отурумунда бардык процессуалдык ченемдер сакталды. Соттук коллегия жабырлануучуну жана соттолуучулардын өкүлдөрүнүн оюн угуп, иш боюнча суроолорду берип жыйынтыгында чечим чыгаруу үчүн кеңеш бөлмөсүнө кетти.  Кеңеш бөлмөдөн келип чыгарылган аныктаманы  угузду. 2014-жылдын 18-мартында чыккан Чуй облустук сотунун аныктамасы күчүндө калтырылсын жана жабырлануучунун даттануусу канааттандыруусуз калтырылсын деп чечим чыгарды.   

Бул иш Чуй облустук сотунда уланмакчы.