Жогорку Соттун Торайымынын орун басары Гулбара Калиева Чыгыш Европа жана Борбор Азия боюнча Европа Бирлиги Кенешинин (COEST) жумушчу тобу менен жолугушту

добавлен 31 марта 2014 14:55
просмотров 865

 

 

ЖОГОРКУ СОТТУН БАСМА СӨЗ КЫЗМАТЫ.

Бүгүн, 2014-жылдын 28-мартында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Төрайымынын орун басары Гүлбара Калиева Чыгыш Европа жана Борбор Азия боюнча Европа Бирлиги Кеӊешинин жумушчу тобу жана анын башында турган Петтери Вуоримаки мырзаменен жолугушту.

Жолугушуу учурунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Төрайымынын орун басары Гүлбара Калиева сот тутумундагы жүрүп жаткан реформа, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун жаӊы курамы жана анын иши тууралуу кыскача айтып берди. Мындан тышкары, сот реформасынын багыттарына да токтолуп, өзгөчө Жогорку Соттун сайтын жаӊылоо боюнча иштер жүргөндүгүн, сайтта Жогорку Соттун Төрайымынын электрондук кабылдамасы ачылгандыгын, www.sot.kg порталы иштеп жаткандыгын да белгилеп өттү. Келечекте www.sot.kg порталын республика соттору боюнча кеӊейтүү иштери планда бар экендигин маалымдады жана жумушчу топту кызыктырган башка суроолорго жооп берди.  

Жолугушуу соӊунда, Петтери Вуоримаки мырза Жогорку Соттун өкүлдөрүнө ыраазычылыгын билдирди.

Өз кезегинде, Г. Калиева Чыгыш Европа жана Борбор Азия боюнча Европа Бирлиги Кеӊешинин жумушчу тобуна дагы ыраазычылык билдирүүсү менен жолугушуу аяктады.

Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун судьясы Памирдин Жумагулов, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу судьяларды окутуу Борборунун директору Жылдыз Кожокматова, Жогорку Соттун Төрайымынын кеӊешчиси Куралбек Абдыкадыров, массалык маалыматтар каражаттары менен байланышуу, эл аралык катнаш жана протокол бөлүмүнүн башчысы Мелис Тагаев катышышты.

Сүрөт Жогорку соттун сайтынан.